Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда метапневмовирус илдети менен 250гө жакын учур катталган. Бул жаңы вирус эмес жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (ОРВИ) тобуна кирет.
Бул маалыматты Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, метапневмовирус алгач 2001-жылы Нидерландияда катталган.
Белгилүү болгондой, бул топко аденовирус, риновирус, бокавирус, паротит, норовирус, сезондук коронавирус жана COVID-19 сыяктуу түрдүү вирустук инфекциялар кирет. Метапневмовирус да ушул топко кирет жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялардан анча айырмаланбайт.
Бул вирустун белгилери: мурундун бүтүшү, мурундун агышы, дене табынын көтөрүлүшү, тамактын оорушу жана баш оорулар менен коштолот.
Адистин түшүндүргөнүнө караганда, оору кадимки курч респиратордук вирустук инфекцияларга окшош эле жүрөт.
Учурдагы эпидемиологиялык сезондо Кыргызстанда метапневмовирустун эки учуру катталды. Алар жаш балдар жана бүгүнкү күндө экөөсү тең сакайып, үйүнө чыгарылган.
Д. Оторбаева ошондой эле: “Биз 2021-жылдагы метапневмовирус боюнча маалыматтарды талдап чыктык. Бул мезгилде оорунун 250гө жакын учуру катталган. 90% учурда бир жашка чейинки балдар ооруган. Алардын симптомдору башка вирустук инфекциялардан дээрлик айырмаланчу эмес”,-деп кошумчадады.
Анын пикирине караганда, вирусту айрыкча чоңдор алып жүрүп, алар басып-туруп, ошол эле учурда өз алдынча дарылануу менен сакайып кетишет. Ал эми балдар жаш болгондугуна байланыштуу өз алдынча аракеттерге бара алышпайт. Ошондуктан чоңдордон жуктуруп алышы мүмкүн.
Борбор Азияда метапневмовирустун жайылыш көрсөткүчү кандай?
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбордук Азиянын айрым мамлекеттеринде курч респиратордук вирустук инфекцияларга, сасык тумоого жана метапневмовируска чалдыккандардын сезондук жогорулоосу катталууда.
Кытайда КРВИге кабылгандардын арасынан метапневмовирус жугузган учурлар көбөйүп, ооруканалар толуп калууда.
Коңшу Казакстанда курч респиратордук вирустук инфекцияга кирген метапневмовирустун 30 учуру катталгандыгы айтылды.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир катар өлкөлөрдө метапневмовирус жуктурган инфекциянын жайылышы тууралуу маалымат каражаттарына комментарий берип, ОРВИ үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөдө грипп – 39,9%, риновирус – 32,2%, респиратордук синцитиалдык вирус – 30,6% басымдуулук кылганын билдирди. Ал эми Метапневмовирус 1,2% аныкталган.
Тажикстандын санитардык-эпидемиологиялык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Навруз Жафаров өлкөдө метапневмовирусту жуктуруп алган учурлар катталбагандыгын айтты. Ошол эле учурда ал башка аймактарда метапневмовирустун жайылып жатканы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жооптуу мекемелер кырдаалды иликтеп жатканын белгиледи.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева