Пакистан 126 өлкөдөн келген туристтер үчүн виза төлөмүнөн баш тартты

Пакистан бийликтери 14-августтан тарта 126 өлкөнүн, анын ичинде Өзбекстандын жарандары үчүн виза төлөмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Visasnews билдирди.

Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф быйыл июль айында 126 өлкөдөн келген ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге онлайн визалар 24 сааттын ичинде берилерин айткан.

Тизмедеги өлкөлөрдүн жарандарына 24 сааттын ичинде 90 күндүк мөөнөткө туристтик жана ишкердик максаттар үчүн виза акысыз берилет. Алар үчүн виза алуу процесси да кыйла жөнөкөйлөштүрүлөт.

Тизмеге Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү, айрым Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жана Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Беларусь сыяктуу өлкөлөр кирет.

Сауд Аравиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Оман жана Катардын жарандары Пакистанга келгенде паспортун көрсөтүү менен бекер виза ала алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *