Россиянын президенти Владимир Путин 11-октябрда Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Ал жерде эки тараптуу жолугушууларды, анын ичинде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуусу пландалганын мамлекет башчынын жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.
Ал белгилегендей, Путин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен “Замандардын жана цивилизациялардын өз ара мамилеси – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышат. Ал туркмен классиги, ойчул акын Махтумкули Фрагинин туулган күнүнүн 300 жылдыгына арналган.
“Биздин президент эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү мүмкүн, анын бирөөсү менен макулдашканбыз, бул Ирандын президенти Пезешкян менен болгон жолугушуу. Бул жолугушуу эки тараптуу маселелерди талкуулоо үчүн дагы, албетте, Жакынкы Чыгыштагы кескин курчуп кеткен кырдаалды талкуулоо үчүн дагы чоң мааниге ээ”, – деп белгиледи Ушаков.