Россия эмне үчүн Кубага кемелерин жана суу астындагы атомдук кайыгын жөнөтүп жатат?

Россия Кариб регионуна аскердик кемелерин жана суу астындагы кемесин машыгууга жөнөтүп жатат. Бул жаңы Кариб кризис коркунучун пайда кылабы, АКШнын жээктерине бараткан кемелер эмне менен куралданган жана бул Вашингтондо чочулоону жаратабы?

Россия Федерациясынын Аскер-деңиз флотунун төрт кемеси үстүбүздөгү жылдын 12-июнунан 17-июнуна чейин расмий сапар менен Гавана портуна келет. Бул тууралуу бүгүн Кубанын революциячыл куралдуу күчтөүнүн билдирүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Билдирүүгө караганда, Гаванага «Адмирал Горшков» фрегаты, ” Казань” суу астындагы атомдук кайыгы, «Академик Пашин» танкери жана «Николай Чикер» куткаруучу буксири барат.

Билдирүүдө “кемелердин бири да өзөктүк куралды алып жүрбөгөнү” жана ошондуктан алардын болушу “аймакка коркунуч туудурбайт” деп баса белгиленерин ТАСС агенттиги жазды.

Россиялык моряктар Кубанын аскер деңиз флотунун командири жана Гавананын губернатору менен жолугушат.

Портко келгенден кийин кемелердин биринен саламдашуу белгиси катары залп атылат, ага Сан-Карлос-де-ла-Кабанья чебинен революциячыл куралдуу күчтөрдүн артиллериялык батареясы жооп берет.

АКШнын реакциясы

5-июнда АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү Россия өзүнүн аскердик флотун Кариб деңизине жөнөтүүнү пландап жатканын билдирди. Алдыда боло турган машыгуулар тууралуу Reuters, Associated Press, CBS жана Miami Herald агенттикттери жазды.

Россиянын аскер-деңиз флотунун АКШнын жээгине жакын жерде пайда болушу 2019-жылдан бери биринчи жолу болот.

“Биз Россия кадимки аскердик машыгуулардын алкагында АКШнын жээктерине жакын жерде машыгууларды өткөрөт деп күтөбүз. Россиянын аскер-деңиз флоту Кариб деңизине кемелерди убактылуу жөнөтүп, Куба, балким Венесуэладагы портторуна кирет деп күтөбүз. Мындан тышкары, аймакта орус учактары учушу мүмкүн. Муну менен Россия күч проекциясын дүйнөлүк деңгээлде ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө”, – деген Пентагондун аткаминеринин билдирүүсүн ЖКМлар шилтеме жасап билдиришти.

Вашингтондо Россия 2013-жылдан 2020-жылга чейин жыл сайын Батыш жарым шарда машыгууларды өткөрүп келгендиктен, орус флотунун пайда болушун коркунуч деп эсептебей турганын белгилешти. Бирок АКШнын Аскер-деңиз флоту бул машыгууларга көз салат.

Вашингтондун расмий өкүлү Москва бул маневрлер тууралуу Ак үйгө билдирбегенин, бирок анын айтымында, бул нормалдуу көрүнүш экенин белгилеп, “Биз анысы деле бул кемелерди көрүп турабыз, андыктан кооптонууга эч нерсе жок”, – деп билдирди.

Россиянын Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий берген жок.

Машыгууга Россияда кандай баа беришүүдө?

“Сварщики” Telegram каналы Россия эл аралык күч-аракеттерин арттырып жатканын белгилейт.

“Сирияда орус-сириялык биргелешкен машыгуулар башталды. Жакында эле өзүбүздүн күчүбүздүн демонстрациясын Кубага же Венесуэлага кеңейтүү кандай сонун болорун жазганбыз. Ошентип, жакынкы келечекте Кариб деңизинде да аскердик машыгуулар пландаштырылууда, Кариб деңизинде Россиянын аскердик кызматташуу боюнча гана эмес, биздин жумшак күчүбүздү колдонуу боюнча да пландары бар: Кубанын жана Венесуэланын улуттук мектептеринде орус мугалимдеринин сабак бериши пландалууда.Мунун баары Латын Америкасы менен сооданы дедоллардаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн фонунда болуп жатат”, — деп белгилешет каналдын авторлору.

Мындан тышкары, учурда Россия менен Беларустун ортосунда өзөктүк машыгуулар өтүп жатат. Ошол эле учурда президент Владимир Путин Россия АКШ жана НАТО менен карама-каршы турган өлкөлөргө жана күчтөргө курал-жарак жөнөтүүгө укуктуу экенин белгиледи.

Бул учурда НАТО эмне менен алек? 

Россиянын Аскер-деңиз флотунун кемелери Кариб деңизине баратканда, НАТО Россиянын жээктеринде масштабдуу деңиз машыгууларын баштап жатат. BALTOPS 24 жума күнү, 7-июнда башталат. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн басма сөз кызматы машыгууга НАТОнун 20 союздашы, 50 кеме, 85 учак жана тик учактар жана 9 миңден ашык аскер кызматкери катышаарын билдирди.

Машыгууну АКШнын “Европа-Африка” америкалык күчтөрдүн офицерлери жана АКШнын деңиз флотунун 6-флотунун офицерлери жетектейт. АКШнын 6-флоту Жер Ортолук деңизде XIX кылымдан бери америкалык кемелер бербердик каракчыларга каршы күрөшүү шылтоосу менен келген учурдан бери өз жайгашуусун сактап келет.

6-флот 1980-жылдары Ливияга абадан сокку урууга, 1990-жылдары Югославияны бомбалоого жана 2011-жылы эгемендүү Ливияны талкалоого катышкан.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ