Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент БУУнун ишмердүүлүгү планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын айтып, быйыл сентябрь айында Нью-Йоркто Келечек саммитти өткөрүү боюнча демилгени колдой турганын билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, мында тышкары, Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонун белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле экономикага инвестиция тартылып, ири ишканалар ачылып, энергетика жана транспорт тармагында жаңы аймактык долбоорлордун курулушу башталганын билдирди.

Садыр Жапаров Борбордук Азиянын энергетикалык системаларын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган ири СASA-1000 долбоорун жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда тезирээк жана натыйжалуу соода жүргүзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга көмөктөшө турган – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарды айтып өттү.

Президент ошондой эле бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара боюнча юридикалык жактан толук чечилген чек ара маселелерине токтолду. Садыр Жапаров Кыргызстандын Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасындагы маселелерди чечүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын айтып, Кыргызстан ар дайым бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап келгенин белгиледи.

Тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна алмаштыруу жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу механизмдерин колдонуу менен өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызын реструктуризациялоо маселесинин үстүндө иштөө сунушталып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу максатында БУУ жана бардык мүчө-мамлекеттер менен тыгыз өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өлкөнүн умтулуусун ырастады.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи.

“Антониу Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин баса белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн белгиледи.

Ошону менен бирге ал Кыргызстандын бардык милдеттенмелерин аткарганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Гутерриш Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ