Токаев Ирандын жаңы президенти менен сүйлөштү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Иран Ислам Республикасынын жакында шайланган президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, казак президентинин Акорда  сайты маалымдады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө казак лидери Пезешкианды шайлоодогу жеңиши менен дагы бир жолу куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

“Тараптар казак-иран мамилелерин мындан ары да чыңдоого өз ара умтулууларын ырасташты. Маектешкендер соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Токаев буга чейин Масуд Пезешкянды куттуктаган телеграмма жолдоп, анда ирандык кесиптешин  шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, өлкөнүн жаркын жана бакубат келечегин камсыздоого багытталган демилгелерин ишке ашырууда ийгиликтерди каалаган.

Масуд Пезешкиан 5-июлда Ислам республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңүүчү болгон. Пезешкян жалпы добуштардын 53,6%ын алган. Анын атандашы консерватор Саид Жалили добуштардын 44,3%ын алган.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Эске салсак, өткөн аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшүп,  ирандык кесиптешин акыркы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, мындай жооптуу мамлекеттик кызматта чоң ийгиликтерди каалаган.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ