Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен келген Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда анын сапары тарыхый мааниге ээ экенин айтты.
«Жалпысынан сиздин сапарыңыздын чоң саясий, тарыхый мааниси да бар деп айтууга болот. Казакстан менен Россия союздаш, стратегиялык өнөктөш экени баарына белгилүү. Бизди бекем достук байланыштары, жалпы тарых жана тыгыз руханий байланыштар бириктирип турат», — деди Токаев Путинге кайрылып жатып.
Ал Казакстан менен Россия өзүнүн негизги байлыгы – эки элдин ортосундагы бир туугандык сезимдерди жана жакшы коңшулук мамилелерди сактап жана көбөйтүшкөнүн белгиледи.
«Бүгүнкү күндө биздин өз ара аракеттенүүлөрүбүз ийгиликтүү болгонун канааттануу менен белгилейм», — деди Казакстандын президенти.
Анын айтымында, Путин Казакстанга 2013-жылдын 11-ноябрында Екатеринбургда кол коюлган 21-кылымда жакшы коңшулук жана союздаштык келишиминин 10 жылдыгынын алдында келди.
«Бул Казакстан менен Россиянын кызматташтыгы үчүн маанилүү укуктук негизи болгон комплекстүү документ», — деди Токаев.
Белгилей кетсек, президенттер Казакстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташуу форумунун пленардык жыйынына видеобайланыш аркылуу катышары айтылды. Быйылкы иш-чаранын темасы «Айыл чарба – күчтүү экономиканын негизи» деген аталыш менен өтөт.
Жыйынтыгында келишимдердин олуттуу пакетине кол коюу күтүлүүдө. Андан соң казак-орус сүйлөшүүлөрү, документтерге кол коюу жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүүлөр болот.