29-ноябрда Ашхабадда өткөн түркмөн-кытай өкмөттөр аралык кызматташтык боюнча комитеттин алтынчы отурумунун негизги темасы табигый газ тармагында кызматташтыкты тереңдетүү негизги тема болду.
Жыйындын күн тартибин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Туруктуу комитетинин мүчөсү, КЭР Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен талкуулагандыгын ТДХ мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди..
«Ашхабаддагы алдыда боло турган сүйлөшүүлөрдө өнөктөштүктүн келечектүү багыттарын талкуулоо болот», деп жазган аталган маалымат каражаты.
Ошондой эле мамлекет башчынын жана анын атасынын КЭРге иш сапары эскертилген. «Азыркы учурда негизги милдет иш сапардын учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу болуп саналат», — деп белгилеген ТДХ.


Сердар Бердымухамедов май айында Кытайга барып, «Борбор Азия + Кытай» саммитине катышкан. КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүдө ал газ жеткирүү, транспорт жана аэрокосмостук технология тууралуу сүйлөшкөн. Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кытайга октябрдын «Бир кур, бир жол» форумунун үчүнчү жыйынына катышуу үчүн барган. Анда ал Си Цзиньпин менен транспорттук-логистикалык стратегияны талкуулаган.
«Синьхуа» маалымат агенттиги Дин Сюэсян Сердар Бердымухамедов менен жолугушууда «Кытай Түркмөнстанды суверендүүлүгүн коргоодо, көзкарандысыздыкты жана аймактык бүтүндүктү» бекем коргой тургандыгын айткандыгын билдирди. Ал ошондой эки тарапты «маанилүү тармактарда» кызматташууну тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө чакырган.
«КЭР Түркмөнстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен Кытай – Борбор Азия кызматташтыгынын механизмдерин кыйшаюсуз өнүктүрүүдө өз ара кызматташарын баса белгилейт», — деди Дин Сюэсян.