Түштүк Кореянын бийлиги алдыңкы беш жылдын аралыгында жергиликтүү электрокара өндүрүүчүлөр үчүн аккумлятор чыгаруучуларга 29 млрд доллар бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Казакстандын NUR.KZ сайты Bloombergге шилтеме берүү менен билдирди.
Түштүк Кореянын каржы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, мамлекет улуттук өнөржайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну көздөөдө: кен байлыктарды өндүрүүдөн баштап, аны кайра иштетүүгө чейин. Азыркы учурда түштүк кореялык үч ири аккумулятор чыгаруучу ишканалар — LG Energy Solution, Samsung жана SK On электромобилдер үчүн аккумлятор чыгарган дүйнөлүк рыноктун дээрлик жарымын көзөмөлдөйт. Ошол эле учурда өлкө бийлиги АКШ Кытайдан электромобиль өндүрүшүнөн көз карандылыгын азайтууну көздөгөндүгүнөн улам пайдаланып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү мындан да көбүрөөк колдоону пландаштырууда.
Каржылык колдоо займ жана камсыздандыруу взносу түрүндө жеңилдетилген кредит катары Түндүк Америкада иштеген атамекендик өндүрүштүн кубаттуулугун жогорулатуу максатында берилмекчи. Ошентип түштүк кореялык бийлик өзүнүн өндүрүшчүлөрүнө АКШ президенти Жо Байдендин “Инфляцияны кыскартуу тууралуу” деген мыйзамына ылайык жардам берүүнү көздөөдө. Мурда Байден америкалык автоөндүрүүчүлөрдү кытайлык тетик жасоочулардан көз карандылыктан азайтып, АКШнын союздаштары болгон өлкөлөр, мисалы Түштүк Корея менен кызматташууга чакырган.