Зайтун /оливка

 Куранда басым жасалган азык-заттардын дагы бири – бул зайтун. Соңку жылдарда жүргүзүлгөн иликтөөлөр зайтундун бир эле тамак-аш азыгы гана болбостон, ден-соолукка да өзгөчө пайдалуу болгондугун далилдеп чыкты. Албетте, зайтундун өзү эле эмес, анын майы да маанилүү азык болуп эсептелет. Ал эми биз сөз кылып жаткан Куранда зайтун майы тууралуу төмөнкүчө маалымдалат: «Алла Таала асмандардын жана жердин нуру. Анын нурунун (момун пенденин жүрөгүндөгү) мисалы, куду бир текченин үстүндөгү бир чырак сыяктуу. Бул чырак да бир шишенин ичинде. Ал шише да жаркырап жанган жылдыз сыктуу. Ал чырак Чыгышта да, Батышта да жок, кут даарыган, берекелүү зайтун дарагынын майы менен жагылат. Анын майы өтө таза жана тунук болгондуктан, мейли ага от тийсин, мейли тийбесин баары бир ал айланасына жарык чаччуудай. Эгер ага от тийсе, нур үстүнө нур болот. Алла кимди кааласа, аны Өзүнүн бул нуруна багыттап, жолго салып коёт. Алла Таала адамдар сабак алсын деп, ушундай мисалдарды берет. Ал – бардык нерсени Билүүчү!» (Нур сүрөсү, 35-аят). Бул аятта зайтун «кут даарыган, берекелүү жана пайдалуу» деген сыяктуу маанилерди туюнтуучу «мубааракатин зайтуунатин» деген мүнөздөмө менен сыпатталлган.

   Ал эми аятта «зайтухаа» деп белгиленип жаткан зайтун майы башка майларга салыштырмалуу адистер тарабынан биринчи кезекте жүрөк жана кан тамырлардын саламаттыгы үчүн эң көп сунушталган май катары маалым. Анда эмесе зайтун майынын адам баласынын ден-соолугуна тийгизген таасирлерин бир канча мисалдар менен белгилеп өтөлү. Зайтун майы канда айланып жүрүүчү зыяндуу холестериндин санын азайтып, пайдалуу холестериндин өлчөмүн көбөйткөндүгү үчүн жүрөк жана кан тамыр ооруларына даары катары сунушталып келет. Зайтун майынын кээ бир рак ооруларынын алдын алууда коргоочу касиетинин да бар экендиги байкалган. Алсак, Оксфорд университетиндеги докторлор тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, зайтун майынын ичеги рак оорусуна каршы коргоочу өзгөчөлүгүнүн бар экендиги табылган. Зайтун майынын курамындагы E, A, D жана K витаминдери жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн жакшы өсүшүнө жана бекем болушуна жардамын тийгизүүдө чоң мааниге ээ. Анын курамындагы витаминдер клеткаларды жаңылоочу касиетке ээ болгондуктан, бетке түшө баштаган бырыштарды даарылоодо да колдонулат. Тагыраак айтканда, терини жакшы асырап, аны коргойт. Айрыкча төрөттөн мурун жана кийин наристенин мээсинин, нерв клеткаларынын жакшы калыптанышына тийгизген таасиринен улам, адистер тарабынан энелерге сунушталчу жалгыз май – бул зайтун майы. Ошондой эле адистер зайтун майынын жогорку кан басымына каршы да пайдалуу экендигин белгилөөдө жана учурда зайтун дарагынын жалбырагынан кан басымын түшүрүүчү дары-дармектер жасалууда.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ