Куранда астраномия тууралуу

Куранда астрономия илимине байланышкан кыркка жакын аят бар. Бул аяттар бизге астрономия илими иликтей турган маселелер жөнүндө бир катар маалыматтарды берет. Алсак, асман телолорунун өз орбиталарында айлануусу жана алардын ортосундагы тартылуу күчү, ырааттуулук системасы жана жылдыз, планеталар туурасында бир катар илимий маалыматтарды табууга болот. Айрыкча бул аяттар аларды жараткан жана тартип-нукта кармаган Алла Тааланын кудурети, улуктугу жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөйт.

Күн жана Ай:

Азыркы астрономия илими боюнча Күн түрдүү нур жана энергия бөлүп чыгаруучу чоң жылдыз. Күн бул өзгөчөлүгүн өз ичинде пайда болгон күйүп-жануунун натыйжасынан алат. Ай болсо Жер шары сыяктуу Күн системасына кирет. Ал Күндөн алган нурду чагылыштырып турат. Ал өз алдынча нур болуп эсептелбеген жана сырткы бети гана Күндүн нуруна чагылышып жанып-өчкөн планета. Ал эми биз сөз кылып жаткан Куранда Күн менен Айдын ортосундагы бул айырмачылыктар мүмкүн болушунча ошол доордогу адамдардын деңгээлине жараша жөнөкөй жана жеңил түрдөгү сүрөттөөлөр менен ажыратылып көрсөтүлгөн.

Маселен, ошол аяттардын айрымдарында: «Асманда бурчтарды, алардын ичинде чыракты (Күндү) жана нурду чагылыштырып туруучу Айды жараткан Алла – улуктун Улугу!» (Фуркан сүрөөсү, 25/61), «Алла жети кабат асманды кантип кабат-кабат кылып жаратканын көрбөй жатасыңарбы? Ал жети кабат асмандын ичинен Айды нур чачуучу, Күндү жарык берүүчү чырак кылып койду» (Нух сүрөөсү, 71/15-16), «Силердин үстүңөргө жети кабат бекем асманды куруп койдук. Анда жаркырап алоолонуп күйүп жанган жарык берчү чырак (Күндү) жараттык» (Набаа сүрөөсү, 78/12-13) деп буюрулат. Соңку аяттагы «жаркырап алоолонуп күйүп жанган чырак» деген мүнөздөмө сөзсүз түрдө Күнгө таандык. Жогорудагы аяттарда Ай нур чагылтуучу катары сыпатталат. Ал эми Күн нур жана энергия бөлүп чыгаруучу жана жанып турган чырак, лампа катары мүнөздөлгөн. Аяттарда айтылып өткөн мүнөздөмөлөрдө «зия» менен «нур»дун ортосунда курамдык жактан айырма болгондой эле, нур булагы болуу жагынан да, Күн менен Айдын ортосунда айырмачылык бар.

Анткени Алла Таала бул жагдайды Курандын башка бир аятында төмөнкүчө кабарлайт: «Биз түн менен күндүздү кудуретибиздин далили катары эки белги кылдык. Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, мезгилдин эсеп-кысабын билүүңөр үчүн түндүн (нур чачкан) белгисин жок кылып, күндүздүн белгиси болгон жарыкты ортого койдук» (Исра сүрөөсү, 17/12).Улуу ислам окумуштуусу М. Хамди Йазыр бул аятты мындайча чечмелейт: «Демек, Ай алгач Күн сыяктуу нур бөлүп чыгарган. Ай дагы өз алдынча бир Күн болгондуктан, Күн сыяктуу жогорку даражадагы энергияга ээ болчу. Кийин Алла Таала ал Күндү жок кылды. Мындайча айтканда, аны өчүрдү жана биз билген азыркы түн белгиси Ай пайда болду. Айдын жүзүндөгү кара тактар, чагылдырып турган нурларынын чоңойуп кичирейиши жана акырында жок болуп, кайрадан жаңы ай сыяктуу пайда болушу — бул анын жаратылгандан кийин кайрадан жок кылынгандыгынын бир далили. Ай нурун өзүнөн эмес, Күндөн алгандыгы көп жылдардан бери эле астрономия илимпоздоруна маалым болсо да, анын алгач Күн сыяктуу нур бөлүп чыгаруучу жана кийинчерээк жок кылынып өчүрүлгөндүгү билинген эмес. Куран кабарлаган бул акыйкатты заманыбыздын илим адамдары кабылдап, учурда дал ушул пикирдин тегерегинде ой-жүгүртүп изилдеп келишет» (М. Хамди Йазыр, Хак дини Куран дили, V, 3170, Стамбул-1960).

Планеталардын ар биринин өз огунда айлануусу:

Асман планеталарынын баары Алла Таала тарабынан белгиленген өз орбиталарында айланып жүрө тургандыгы Куран-и Каримдин бир канча аяттарында маалымдалган. Мисалы: «Ал түн менен күндүздү, Күн менен Айды жараткан. Булардын ар бири өз окторунда «сүзүп» жүрүшөт» (Анбия сүрөөсү, 21/33), «Күндүн Айга жетүүсү мүмкүн эмес, түндүн да күндүздөн алдыга өтүп кетиши мүмкүн эмес. Ар бири өз огунда айланып жүрүшөт»(Йасин сүрөөсү, 36/40) делет. Аяттардагы «фалак» сөзү кыргыз тилинде «асман алкагы, орбита, ок» деген маанилерди туюнтуп, бардык асман телолорунун өз огунда айланып жүрүшөөрүн ачык-айкын түрдө маалымдоодо. Учурдун тастыкталган илимдери боюнча да асман планеталарынын ар бири Куран кабарлаган таризде, кудурети чексиз Алла Тала белгилеген өз орбиталарында бири-бири менен кагышып кетпей «сүзүп» жүрүшөт. Баары абалтан өлчөнгөн, белгиленген багыттарынан кирпик ирмемге да жаңылып-жазбастан, Жараткандын мыйзамына баш ийип, ар бири өз огунда айланып жүрөт.

Ааламдын кеңейүү абалында болушу:

Ааламдын ар дайым кеңейүү абалында болгондугу азыркы өнүккөн илимдердин эң маанилүү ачылыштардын бири. Улуу физик Эдвин Хабл небулалардын (б.а., булут сыяктуу мунарык көрүнгөн жана Жерден өтө алыс жайгашкан жылдыздардын топтондусунун) галактикабыздан алыстагандыктарын айтып чыккан. Анын бул ачылышынан бельгиялык аалам окумуштуусу Абба Лемайтре да ааламдын кеңейгендиги туурасындагы ачылышын ортого койгон. Мына ушул ачылыштан улам заманыбыздын кээ бир муфассир-аалымдары Курандын төмөндөгү аятынын маанисин терең жана так чечмелөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту: «Асманды (аалам мейкиндигин) биз өз күчүбүз менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз»(Заарийат сүрөөсү, 51/47). Бул аят ааламдын кең экендигин жана анын ар дайым чоңойуу, кеңейүү абалында болгондугун белгилөөдө. Аятта колдонулган сөз бул эки маанини тең ичине камтыйт. Анткени аятта айтылган «муусиуун» деген сөз «бир нерсени кеңейтүү, жайуу, чоңойтуу» деген уңгудан келип чыгат. Демек, жогорудагы негиз боюнча аалам кыймыл-аракетсиз болбостон, самындын көбүгү же болбосо балондун кеңейиши сыяктуу кандайдыр бир кеңейүү, жайылуу абалында болот.

Ааламдагы тартылуу закону:

Учу-кыйыры көзгө илешпес ааламга сабак алуу максатында назар салган адам андагы Алла Тааланын жараткан нерселериндеги кемчиликсиз жана кынтыксыз тартип, ырааттуулук жана чыныгы кайталангыс чеберчиликти көрбөй койбойт. Ааламдагы тең салмактуулукту жана ырааттуулукту сактап турган Жараткан Кудуреттин бул мыйзамы бизге XIV кылым мурун эле Куранда кабарланган. Бирок, Алланын ыйык китебиндеги бул чындык атактуу англис физиги Исаак Ньютондун (1642-1727) «бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун» ачканга чейин жетишээрлик деңгээлде чечмеленген эмес. Мына ушул ачылыштан кийин бул темага байланышкан аяттардын маанилери дагы да ачык-айкын боло баштаган. Анда эмесе кептин мындан аркы учугун мына ушул маселенин тегерегиндеги аяттарды берүү менен уланталы: «Алла асмандарды, силер көрө ала турган тирөөчтөрү жок (таянычсыз) көтөрүп (тургузуп) койгон» (Раад сүрөөсү, 13/2), «Ал асмандарды силер көрө турган тирөөчтөрү жок жаратты» (Лукман сүрөөсү, 31/10). Асман телолорунун ортосундагы тең салмактуулукту сактап турган көзгө көрүнбөгөн бул тирөөчтөрдү «тартылуу закону» деп чечмелөөгө болот. Бул закондун негизинде аалам мейкиндигиндеги жылдыздар, планеталар жана галлактикалар белгиленген нугунда ырааттуу түрдө айланып жүрөт. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын абасынын баласы Абдуллах ибн Аббастын (Алла ага ыраазы болсун) бул багытта: «асман мейкиндигинде бир тирөөч бар. Бирок, биз аны көрө албайбыз» (Ибн Касир, Тафсииру Ибн Касир, III, 442) деп айткан сөзү да, дал ушул мыйзамга ишарат жасайт.

Космоско чыгуу:

Космоско чыгуу маселеси биз жашаган доордон мурунку муфассир-аалымдар тарабынан, азыркы абалындай түшүнүлбөгөндүктөн, бул темага байланышкан аяттар ачык түрдө чечмеленген эмес. 1961-жылдардан баштап ийгиликтүү жүргүзүлгөн космостук иш-аракеттерден кийин көптөгөн Ислам окумуштуулары бул маселени кайрадан колго алышып, бул багытта өздөрүнүн көз караш, ойлорун айтышкан. Өткөн доорлордогу адамдарга келечекте жүргүзүлө турган космостук иш-аракеттердин натыйжасында адам баласынын асман мейкиндигине чыга ала тургандыгы айтыла турган болсо, мунун жөн гана куру кыял экендигин айтышаар эле. Бирок, Куран 14 кылым мурун эле адам баласынын космоско учуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин маалымдаган (Юсуф Мурувва, ал-Улуумут-табииййа фил-Куран, 167). «Эй, жиндердин жана адамдардын тайпалары! Асмандар менен жердин чектеринен чамаңар жетсе чыккыла! Бирок, (Алла берген) күч менен гана чыга аласыңар!» (Рахман сүрөөсү, 55/33). Бул аятты далил катары карманган аалымдар адам баласынын космоско чыга ала тургандыгын, Айга жана башка планета, жылдыздарга да жете ала тургандыгын айтышкан. Анткени араб тилинде үч абалдагы «ыктымалдуулук» үчүн ар бирине үч башка «эгер» сөзү колдонулат. Мисалы, иш жүзүнө ашар-ашпашы белгисиз ыктымалдуулукту туюндуруу үчүн «изаа» («эгер»), иш жүзүнө аша турган ыктымалдуулукту туюндуруу үчүн «ин» («эгер»), ал эми иш жүзүнө ашышы мүмкүн эмес ыктымалдуулук үчүн «лав» («эгер») сөзү колдонулат. Жогорудагы аят «ин» сөзү менен колдонулгандыктан, биринчи кезекте иш жүзүнө ашышы мүмкүн болгон ыктымалдуулук мааниси каралат. Андай болсо, бул аят асмандар менен жердин чектерин тешип өтүүнүн иш жүзүнө аша тургандыгын билдирүүдө. Ошондой эле асмандардын чегин эле эмес, жер чегинин да тешилип өтүлө тургандыгы, мындайча айтканда, жердин ички катмарларынын да ачылышы мүмкүн экендигин кабарлайт. Бул аят батыш илимпоздорунун да көңүлүн өзүнө бурган. Алсак, бул аят туурасында Морис Букайл мындай дейт: «Курандын бул аяты космоско чыгуу жагдайында өтө чоң мааниге ээ. Аят аталган маселе боюнча кайсыл иштин аткарылышы адам баласына таандык экендигин жана алардын бул жагдайда кээ бир нерселерди иш жүзүнө ашыра ала тургандыктарын ачык-айкын маалымдоодо». (Maurice Bucaille, Tevrat, Inciller ve Kuran, 269-272, Tercume, M. Ali Sonmez, Konya, 1975).

Көк жүзүндө жандуулардын бар болушу:

Биз жашаган ааламдын башка бөлүктөрүндө да жашоонун бар болуп-болбогондугу соңку учурларда астрономдорду бир кыйла кызыкдар кылган. Натыйжада алар азыркы биз жашаган жер планетасы сыяктуу башка планеталарда да жашоонун бар болушу мүмкүн экендиги жөнүндө бир бүтүмгө келишкен. Учурдагы астрономиялык изилдөөлөр боюнча Марс планетасында жылуулук, суу жана кычкылтек болгондугу аныкталган. Негизинен алганда булар жашоонун башкы булактары. Нур аркылуу тартылып алынган илимий фото-сүрөттөр жана жүргүзүлгөн иликтөөлөр Марстагы жашоо шарттарынын биз жашаган дүйнөдөн анчалык деле айырмаланбагандыгын аныкташкан. Айрыкча бул маселе боюнча дүйнөлүк деңгээлде илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн америкалык жана орус окумуштуулары Марстагы жандуулардын бар болушу мүмкүн экендигин бир ооздон айтып келишет. Ал эми бул багытта Куранга карек оодара турган болсок, андан биз жашаган дүйнөдөн сырткаркы планеталарда да жандуулардын бар экендигин айгинелеген белгилерди таба алабыз. Мисалы, төмөндөгү аяттар бул акыйкаттын далилдери боло алат: «Алланын бар экендигине далаалат кылган белгилердин бири — асмандар менен жердин жаратылуусу жана ал экөөндө таратылып жайылган тирүү жандуулар. Эгер Ал кааласа, аларды жыйнап алууга (бириктирүүгө) күчү жетет»(Шуура сүрөөсү, 42/29), «Алла Тааланы жети асман, жер жана андагылардын баары даңкташат, улуулашат» (Исра сүрөөсү, 17/44). М. Хамди Йазыр биринчи аяттын түшүндүрмөсүндө асманда да жандуулардын бар экендиги бул аят менен бекемделгендигин жана улуу Ислам аалымы имам Мужаахиддин да бул пикирди кабылдагандыгын эскерет (Йазыр Мухаммед Хамди, Хак дини Куран дили, VI, 4242-4243, Стамбул, 1960).

Адам баласы бүгүнкү күндөгү курал-шаймандары аркылуу башка планеталарга барып-бара албашы өзүнчө бир маселе деңизчи. Бирок, адам баласынын Айга колу жетип олтурушу бул өзгөчө жетишкендик. Ал эми бул маселенин келечекте кеңири жана анык түрдө иш жүзүнө ашышы Курани Каримдин дагы бир катар керемет сырларынын ачылышына себеп болоору толук мүмкүн

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ