Куранда геология илими

Геология – жер кыртышы жана жердин составы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашышы жөнүндөгү илим. Бул багытта Куранда эмнелер айтылган? Сөз оролун мына ушул өңүткө, т.а., Куранда орун алган айрым бир геологиялык ачылыштарга бурсак:

Тоолордун Жердеги функциясы:

Тоонун жер астындагы тамыр-өзөгү анын жер үстүндөгү бийиктигинен 10-15 эсе терең болот. Тоолордун бул өзгөчөлүгү кадимки казыктын чатырды жерге бекем кармап турушуна окшош. Мисалы, бийиктиги 9 км ге жакын болгон Гималай тоосунун жер астында 125-135 км ден ашык өзөгү бар.

Бул жагдай туурасында бизге Куранда төмөндөгүчө маалымат берилет: «Биз тоолорду казык кылдык!» (Наба сүрөсү, 7). Элибизде негизинен жерге кагылчу учу учтуу жыгач же темир «казык» деп айтылат. Казыктын көпчүлүк бөлүгү жерге кагылып, аз бөлүгү гана жердин үстүндө калат. Ал негизинен тургузулган чатыр жана башка нерселерди бекем кармап туруу үчүн колдонулат. Геологдор тоолорду изилдеген кезде алардын Жерден чыгып турган бийиктигине караганда алардын тамырлары Жерге өтө терең кирип кеткендигин байкашкан. Ошондуктан тоолордун көпчүлүк бөлүгү Жерге өтө терең сүңгүп кеткендиги үчүн аларды Алла Таала казыкка окшотууда. Куранда сүрөттөлгөндөй тоолор Жерди бекем кармап туруу милдетин аткарат. Ушул жагынан алып караганда тоолор чыныгы казык болуп эсептелет. Анткени алардын көпчүлүк бөлүгү казык сыяктуу Жердин астында болуп, аз бөлүгү гана Жердин бетинде көрүнүп турат. Окумуштуулар бул илимий акыйкатты жакынкы күндөрдө гана ачышты. Ал эми Алла Таала Куранда мындан ондогон кылымдар мурун: «Биз тоолорду казык кылдык!»— деп, аларды бир эле сөз менен чечмелеп, аныктап берген. Айрыкча тоолордун Жер бетиндеги жана Жер астындагы көрүнүшүн, өзгөчөлүгүн жана алардын аткарган кызматын өтө так жана таң калыштуу сүрөттөө менен белгилеген.

Тоолор Жерди бекем кармап тургандыктан ал өз огунун тегерегинде бекем тартипте айланат. Ошондой эле Жер шарындагы материктердин массалары туруктуу болуп, ийри курулуш иштерин жүргүзүүдө Жердин ылайыктуу болуусу үчүн да тоолордун аткарган кызматы өтө маанилүү. Себеби тоолор жерди бекем кармап туруучу милдетти аткарат. Бул багытта Алла Таала аяттарынын биринде: «(Алла Таала) тоолор менен аны (Жерди) бекемдеди. Силер жана мал-жандыктарыңар пайдалансын үчүн»(Наазиат сүрөөсү, 32-33) дейт. Тоолор бул өзгөчөлүгү менен Жер катмарларын бири-бирине байланыштырып, бекем кармап турат. Мындайча айтканда тоолор, тактайларды бири-бирине туташтырып кармап турган мык сыяктуу. Жогоруда да белгиленгендей эгер тоолордун турукташтыруучу таасири болбогондо, Жердин өз огунда айланышынын ылдамдыгы жогору болгондуктан калкыган плакалар кыймыл-аракетте болоор эле. Плакалар кыймылдаса, Жерде топурак бирикпес, суу топуракка сиңбес, эч кандай өсүмдүк өнбөс, эч бир жол жана эч кандай курулуш иштери болмок эмес. Натыйжада Жер үстүндө жашоо мүмкүн болмок эмес. Бирок, тоолор Жараткан Кудай Тааланын мыйзамы менен Жердин туруктуулугун жана тең салмактуулугун камсыз кылып турат.

Ошондой эле Алла Таала тоолорду жер титирөөлөрдөн бизди сактоо үчүн жараткандыгы жөнүндө төмөнкүчө маалымдайт: «Силерди термелтпөөсү үчүн тоолорду Жерге бекем орноштурду…» (Нахл сүрөсү,15); «…Жана силерди теремелтпесин деп, тоолорду жер жүзүнө бекем кадады»(Лукман сүрөсү, 10). Аяттарга көңүл буруп карай турган болсок, анда тоолордун жер жүзүндөгү термелүүлөрдүн алдын алуучу өзгөчөлүгүн кабарлоодо. Куран түшүрүлгөн доордо эч бир инсанга маалым болбогон бул чындык, учурда геология илиминин ачылыштарынын натыйжасында гана айкын болуп олтурат.

Жердин жети катмардан турушу:

Алла Тааланын Куранда Жер жөнүндө билдирген кабарларынын бири, анын жети кабат көк жүзүнө окшоткондугу. «Алла Таала жети (кабат) асманды жана алардын окшошун жерде да (б.а., жети кабат Жерди) жараткан»(Талак сүрөсү, 12).

Бул аяттан байкалгандай, Куранда жүздөгөн жылдар мурун жердин жана асмандын жети кабаттан тургандыгы кабар берилген. Эми мындан бир топ кылымдардан кийин талыкпай жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасындагы тыянак да так ушуну көрсөттү. Бүгүнкү күндөгү илим тарабынан асмандын: 1. Тропосфера, 2. Стратосфера, 3. Озоносфера, 4. Мезосфера, 5. Термосфера, 6. Ионосфера, 7. Экзосфера — деп аталган кабаттарынын, ал эми Жердин: 1. Гидросфера (жердин атмосфера жана литосфера (катуу жер кыртышы) ортосундагы суудан турган бөлүгү), 2. Литосфера (жер шарынын жер кыртышын жана мантиянын үстүңкү катмарын камтыган сферасы), 3. Астеносфера (жердин мантиясынын үстүңкү бөлүгүндөгү катуулук катмары), 4.Үстүңкү мантия (ядрону курчап жаткан катмар), 5. Астыңкы мантия, 6. Сырткы ядро, 7. Ички ядро деген катмарларынын бар экендиги толук далилденди. 20-кылымда технология менен гана аныкталган бул илимий чындыктардын Куранда орун алышы, анын Жараткан Кудуреттин бурмаланбаган Сөзү болгондугун тастыктап турат.

Жердин жаракалуу болушу:

1945-46-жылдары окумуштуулар кен байлыктарды изилдөө максатында биринчи жолу деңиздин түбүнө түшүшкөн. Алар изилдөө учурунда кайнак абалда атырылып чыгып жаткан магмаларды көрүшкөн. Бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Жердин жаракалуу абалда экендиги маалым болгон. Анткени Жердин сырткы бетиндеги катмар түндүк-түштүк жана чыгыш-батыш багытында он миңдеген метр узундукка карай созулган жаракалар байкалган. Окумуштуулар бул жаракаларды чоң теннис тобундагы сызыкка окшотушкан.

Геологдордун айтуусуна караганда Жердин жашоого ылайыктуу болушу үчүн бири-бирине байланышып турган жаракалардын ролу өтө чоң мааниге ээ. Себеби Жердеги көптөгөн радиоактивдүү элементтер өзүнөн-өзү орточо деңгээлде бөлүнүп чыгып, жогорку температурадагы ысыктыктын пайда болушуна себеп болот. Эгерде ушул пайда болгон ысыктык жаракалар аркылуу чыгып турбаганда Жер атом бомбасы сыяктуу жарылып кетмек. Ал эми бул илимий акыйкат Ыйык Куранда мындан 14 кылым мурда эле төмөнкүчө маалымдалган: «Жаракалуу Жерге ант!» (Таарик сүрөсү, 12).Бул аяттагы «сад’а» сөзү кыргыз тилинде «жарака кетүү, жарылуу, ажыроо» деген маанилерди түшүндүрөт. Алла Тааланын Жердин жаракасына ант берип олтурушу, ал жаракалардын жөнөкөй жарака эместигин жана Курандын адам баласынын колунан жаралган китеп эмес экендигин дагы бир жолу айгинелеп олтурат.

Жердин кичирейүү процесси:

Учурда илимий изилдөөлөр дагы бир таң калыштуу аалам сырын ырастап, Жердин өзүнөн-өзү улам ар тарабынан кысылып, кичирейип келе жаткандыгын далилдеди. Жердин улам кысылып, кичирейип бара жатышынын негизги себептеринин бири — анын ичинен вулкандардын кратерлери аркылуу токтоосуз чыгып жаткан эбегейсиз көлөмдөгү энергиянын жана заттардын миллиондогон тонналап (анын ичинде газ, буу, катуу жана суюктук түрүндөгү заттар бар) чыгышы болуп эсептелет. Ошондой эле дүйнөлүк климаттын ысышы менен уюлдардагы муз катмарларынын эришинин натыйжасында океандардагы суулардын деңгээли көтөрүлүүдө. Көтөрүлгөн бул суулар кургактыкты уламдан-улам каптап келе жатат. Кургак жерлер суу астында калган сайын албетте, Жердин кургактык бөлүгүнүн чарчы-өлчөмү да азайууда.

Айрыкча геологдордун иликтөөлөрүнө караганда Жердин жаралгандагы башталгыч көлөмү азыркы көлөмүнөн эң эле аз дегенде 200 эсе чоң болгон. Ал гана эмес, Жердин кичирейүү процесси азыркы күнгө чейин уланып келе жатат. Бул акыйкаттар жөнүндө Жараткан Кудай Таала Ыйык Куранда төмөндөгүчө кабар берет: «Биз Жерди айланасынан кемитип (кыскартып) келе жатканыбызды көрүшпөйбү?…» (Раад сүрөсү, 41).

Материктердин сүрүлүп жүрүшү:

Жер кыртышы жыш жайгашкан мантия катмарынын үстүндө кадимкидей сүзүп жүргөн абалда кыймылдайт. Эң алгач 20-кылымдын баштарында немец окумуштуусу Альфред Вегенер жер жүзүндөгү материктердин алгачкы убактарда биригип тургандыгын жана кийинчерээк алардын ар тарапка сүрүлүп бири-биринен ажырап алыстагандыгын далилдеген. Иликтенген изилдөөлөрдө материктик кыймыл-аракеттин жылына 1 см ден 5 см ге чейин жеткендиги эсептелген. Жер катмарлары мына ушундай абал менен кыймылда болгон сайын дүйнөлүк географияда бир катар өзгөрүүлөр пайда болот.

Алла Таала бул жагдай туурасында бизге төмөндөгүчө багыт берет: «Сен тоолорду (кургактыкты) көрөсүң да аларды кыймыл-аракетсиз деп ойлойсуң. А негизинде алар булуттар сыяктуу сүрүлүп жүрүүдө (Намл сүрөсү, 88). Илим адамдары учурда бул кыймыл үчүн англис тилинде «continental drift» (материктердин сүрүлүшү) деген терминди колдонуп келишет.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ