Экстремизм,терроризм — бул Ислам эмес

Ислам дини экстремизмди жана терроризмди каралайт, айыптайт. Исламдагы жихад экстремизм жана терроризмге эч канда тийешеси жок экенин айтып келет. Тескерисинче экстремизмди жана терроризмди ар дайым каралап өтө оор кылмыштуу күнөө иштерден экенин эскертип келген. Тилеке каршы айрым адамдар өздүрүнүн тар түшүнүгү менен кылмыштуу иштерин жихад деп атап, исламдын атын жаман көрсөтүп жатышат.

Жардыруулар менен күнөөсүз адамдарды, аялдарды, балдарды, карыяларды өлтүрүп, адамзатты кыйноого, азапка салаган ар түрдүү жолдор менен алардын жашоосуна же эркиндигине же тынчтыгына коркунуч келтирип, аларды коркуткан иш аракеттерди жасашууда. Мунун баардыгы тыйюу салынган арам, бузуку иштерден атаган. Мындай ишти кылган адамдар чөң күнөөкөр болушат. Алла Таала ыйык Куранда мындай деген;

«Жер бетиндеги бузукулук кылууну көздөбө. Алла бузукуларды сүйбөйт».

Алла Таала эктремистик жана террористик иштерди жана аны жасагандарды, Аллага жана анын элчисине каршы ачык согуш жарыялагандар деп атаган. Ал эми Аллага жана анын элчисине каршы согушкандардын жазасын төмөндөгүчө баяндаган.

«Чындыгында, Алла жана анын элчисине каршы согушкандардын, жер жүзүндө бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн жазасы алар өлтүрүлөт, асылат же колу-буттары кайчылаш кесилет же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул алардын бул дүйнөдөдөгү жазасы, ал эми Акыретте улуу азап(бар)».

Эктремистик жана террористик иштерди жасаган, жер бетинде бузукулук кылган, чектен чыккан адамдарга карата, Ислам шариятында өтө катаал жазаларды белгилеген, бул дүйнөдө бир дагы адам баласы кабыл алаган мыйзам мынчалык катаал эмес.

Бугун күнү Исламдагы эң ыйык болгон жихадды туура эмес колдонушуп, өздөрүнүн бузуку иштерин жихад деп атагандар көбөйүүдө.

Белгилей кетчү бир жагдай, экстремизм жана терроризм — бул ислам эмес, ал эми жихад — бул экстремизм жана терроризм эмес.

Жихадтын максаты, чындыкка жардам берүү, зордук- зомбулукту жоюу, адилеттүүлүктү орнотуу, тынчтыкты жана бейпилдикти орнотуу болуп эсептелет. Исламдын ар бир ишке карата адептери жана өкүмдөрү болгондой эле, жихадтын дагы өкүмдөрү бар. Жихад динди, ыйманды, мекенди, үй- бүлөөнү душмандан коргоо үчүн. Жихадта кекселерди, аялдарды,балдарды өлтүрүү арам кылынган. Жихадта согушту ташатп артка качуу арам кылынган. Туткундарды, багынгандарды өлтүрүү же душман болсо да адамды кордоп, кулак мурунду кескилөө арам кылынган. Эгин талааларды өртөп жок кылуу, имараттарды бузуп, талкалоого тыюу салынат.

Бүгүнкү күнүдө чектен чыккан экстремистик жана террористик топтордун башкалардын мекендерине бастырып кирип тартып алуусу, адам затты урматтын жер менен жексен кылганы динде караланган иш.
Макаланы даярдаган; Азирети муфтийдин орун басары Эратов Равшан. muftyat.kg

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ