Махр

Махрдын пайда болуу себептери жана мааниси. Махр адам баласынын үй-бүлө куруусундагы эзелтен сакталып келе жаткан салт. Махр же калың деген эркек аял алаарда убада кылып бере турган акы. Коомтаануучулар калыңдын таржымалын изилдөөдө адам тарыхын төрт доорго бөлүп карашкан:
Биринчи доор: Эне башкарган заман, бул доордо эркектер бир тууган карындаштары менен үйлөнүүгө уруксат болбогондуктан башка урууларга барып аялдарга кызмат өтөшчү жана аялдар аларга үстөмдүк кылчу.
Экинчи доор:Бул доордо бийлик эркектин колуна өткөн, тактап айтканда, аталар башкарган заман болгон. Ал эми уруулар арасындагы салгылашуулардан улам аялдар душмандар тарабынан уурдалышчу.
Үчүнчү доор: Бул доордо бир эркек үйлөнүү үчүн кыздын атасынын астында бир нече жыл бекер иштеп берчү.
Төртүнчү доор:Эркек үйлөнөөрдө кыздын атасына мал — мүлк тартуулачу. Мына ушул замандан баштап калың берүү салты пайда болгон.
Коом таануучулардын акыйдасы боюнча эркектер аталар башкарган замандан баштап аялдарга күң сыяктуу карашчу да, аны экономикалык пайда табуу максатында кармашкан. Анда-санда гана кумар кандыруу үчүн жанына барышчу. Натыйжада, аял эч кандай эркиндикке ээ болбостон, жар тандоого да укугу болбой, тапкан пайдасы кайнатасына ыйгарылчу. Акыйкатта, эркек аялга бере турган калыңы менен нафакасынын ордуна аны иштетип пайдасын көрчү. Ал эми бешинчи доор боюнча коом таануучулар эч бир пикир айтышпаганы менен, байкашыбызча бул доордо эркек калыңды кыздын өз колуна берчү жана ата –энеси андан пайдаланууга эч акысы жок эле. Ал эми калыңын алган аял коомдо экономикалык жактан көз карандысыз жашаган.Биринчиден, эч кимдин мажбурлоосусуз өз эрки менен жар тандап, атасынын үйүндө жашаганда да жана эринин үйүндө жашаганда да мажбурлап кызмат кылдырууга же эксплуатциялоого эч кимдин акысы жок эле. Андыктан, иштеп тапкан маянасы да өзүнө таандык болуп, эрине жалаң гана кумарын кандырууга милдеттүү болгон. Ал эми эркек да мүмкүнчүлүгүнө жараша үй-бүлөсүн каражылоого аракет кылган. Бул доорду Ислам дини кабылдап, үй-бүлөлүк жашоону ушул нукка бурган.
Устат Мотаххари бул төрт доор жалаң гана адам баласынын элестетүүлөрү жана күмөндөрү жана эч кандай тарыхый же илимий тажрыйбалык акыйкатка ээ эмес экенин баяндайт. Мындай элестетүүлөр менен күмөндөрдө биринчи баскычтагы адам тарыхын ушундай жапайы жана мээримсиз кылып чагылдырууга аракет жасалат. Ал эми бул сөздөрдөн соң махрдын пайда болгонунун негизги себептери эмнеде экенин карообуз керек, мындайча айтканда махрдын терең мааниси эмне деген суроо туулат.
Устат Моттахаринин пикири боюнча ой-пикиринде махр деген аял менен эркектин табиятында бири — бири менен болгон байланыштарын жөнгө салуу үчүн ойлонуп чыгарылган үрп-адат. Махр деген аял менен эркектин бири — бирине болгон сезиминин айырмачылыгынан келип чыккан. Анткени, аял менен эркек табиятынан бири — биринен айырмалангандыгы үчүн бири- бирине болгон сезимдери да айырмаланат. Аялдын сулуулугу, менменсинген табигый мыйзамы аны муктажсыз кылса, эркекти талабкеч, кызыгуучу жана сүйүүгө муктаж кылып жараткан. Аялдын алсыздыгы ушул жетишкендиктери менен толукталган жана ушул себептен эркек аялга жуучу түшкөн. Коом таануучулардын айтуусу боюнча аял башкарган заманда болобу же ата башкарган заманда болобу, эркек аялды баш кошууга сунуштачу. Эркектин аялга болгон муктаждыгы аялга тез багынбоону үйрөткөн. Андыктан, эркек тескерисинче аялга муктаждыгын билдирип, анын ыраазчылыгын алууга аркет жасайт. Бул аракеттердин бири- ага белек кылып махр берүүсү эсептелет.
Махр- аялдын аруулугу, мартабасы менен бир тамырга туталышкан. Аял ички жан дүйнөсүнөн илхам алып, өзүн эркекке бекер ыйгарбоону түшүнгөн. Аял ушул алсыздыгы менен эркекти өзүнө жуучу түшүрүп, ал эле эмес аларды бири- бири менен атаандаштырып койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо эркек өзү каалаган аялга жетүү үчүн көп аракеттерди жасап, романтикага айлануу менен гана аялдын ыраазычылыгына махр ыйгарып берет. Андыктан, махр деген адам баласынын табиятынан келип чыккан нерсе жана жаратылыштын үрп-адаты.
Махрдын терең мааниси жана пайда болуу себеби тууралуу айтылган пикирлерди жалпылап, махр- бул негизинен аялдын өзүнө гана таандык болгон укугу деп айтса болот. Бирок, бул тууралуу үч динде эмне деп айтылган жана кандай орунду ээлейт? Ал табигыйбы же башкачабы? Мындайча айтканда, ыйык китептеде буга кандай баа берилет? Мындан аркы кеп мына ошолор жөнүндө болмокчу.

Куран Каримдеги махр

Бул маселе тууралуу Куран Каримге кайрылаардан мурда, махр негизи эле адам тарыхында болгонун эскерте кетет элек. Махр чындыгында адамдын жаратылышынан пайда болгон жана аны биринчи Куран ойлоп тапкан эмес. Куран махрды бир гана өзүнүн табигый нугуна буруп койгон. Анткени, Куран түшкөн убакта махр деген жахилият үрп-адаты боюнча караштуу кыздын ата-энелерине тарбиялап өстүргөнү үчүн же сүт акы катары ыйгарылчу. Ушуга байланыштуу Саид Кутб мындай деп айтат:
“Махр аялдын өз акысы болгону менен Куран түшөөрдөн мурда ар кандай түрдө сарпталчу, мисалга “келишим” түрдө үйлөнүдө болсо эки ата кыздарын бири бири менен алмашып үйлөнүп алышканада, махр- ошол кыздарын бири бирне берүүлөрү менен кечилип мында аялдын акыбалы эч каралган эмес. Мындайча айтканда малды башка бир малга алмаштыргандай эле болчу. Дагы бир үйлөнүүдө атасы кызын башкага берип калыңы малын саткандай өз чөнтөгүнө салчу.”
“Кашшаф” тафсиринде айтылгандай илгерки заманда кыз төрөлсө “байлыгың көбөйгөнү кут болсун” деп куттук айтылчу. Мунун мааниси- кыз кийин күйөөгө тийгенде калың алып байыйсың дегени. Куран Карим түшүп, махрды бир гана кыздын өзүнө таандык кылды жана аны кыздын ыраазычылыгысыз башкалардын пайдалануусуна жана кол салуусуна каршы болуп, аны күнөө деп эсептеди.
Куран Каримде “Ниса” сүрөөсүнүн 4-аятында бул тууралуу өтө кылдаттык менен жумшак айтат: “(Үйлөнгөн) аялдарыңарга калыңын чын дилден бергиле…” Устат Мотаххари бул аяттын тафсиринде мындай деп айтат:
“Аялдардын укугун өзүнө ыйгаргыла(аталарына же бир туугандарына эмес), бул силер тараптан берилген белек, андыктан өз колуна бергиле. Куранда калың-махр деп аталышынын мааниси эркек толук каалоосу менен бере турган нерсеге кирет. Мындайча айтканда аялдардын өзүнө чын-дилден бериле турган белек.
Албетте, айрымдар махрдын маанисин моюндагы карыз деп тафсирлешкен:
“Аялдардын махрын карызга окшош эле толук төлөгүлө жана башка карыздарды төлөгөнгө аракет кылгандай эле аны кемитпей бергиле.”
“Альмийзан” муфассирлеринин да булмаселе тууралуу өзүнчө ой- пикирлери бар:
“Махр” деген сөз бериле турган белек мааниде жана ал дайыма эле бир баада же акчалай түрүндө боло бербейт, ал эми аны аялдарга берилсин дегени адам баласынын эзелтеден келе жаткан салтын гана өз нугуна салуу маанисин аркалайт. Андыктан, бул аят элдин уланып келген үрп-адатын гана тасдыктады, ал эми махрды колдонууда аялдын өз ыраазычылыгы шарт.”
Жогоруда айтылгандай, махр маселеси эл арасында салтка айланган, бирок анын таандык болуусу өзгөрүп, кыздын аталарына берилип кеткен.
Ал эми Куран Каримде аялды махрдан ажыраткан ар кандай салттар четке кагылып, алардын айрымдарына ишаара кылган:
Айрым салттардын бири — эркек аялынан көңүлү калганда аны кыйнап, кыстап жатып, кетиргенге аркет кылуу аркылуу максаты махрын шылтоолоп бербей коюу максатын көздөгөн эле. Куран Карим бул тууралуу мындай деген: (аялдарга берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн аларды кыйнабагыла)
Дагы бир үрп-адаттардын бири- эркек аялга үйлөнгөн соң кокустан оор махр бере турган болуп калса , аялына — сага тойдум, төшөк жаңыртуу керектигин шылтоолоп, байкуш аялга “-таза эмес” деген доомат коюу менен махрын бербей койгон. Куран Карим бул ишти да күнөө деп эсептеп, анын алдын алуу максатында мындай деп буйруйт: “Эгер силер бир аялды башка аял менен алмаштырууну кааласаңар, алардын бирөөнө (калыңга) же мал-мүлк берген болсоңор, андан эч нерсени кайтарып албагыла! Ырасында, аны силер адилетсиздик жана ачык күнөө кылуу жолу менен тартып аласыңарбы?
“Эгерде биринчи аялыңардын ордуна башка аял алам десеңер дагы, биринчиге уй терисине толтурулган алтын берсеңер дагы, аны кайтарып албагыла, кантип чоң күнөө экенине карабай бергениңерди кайтарып аласыңар?!”
Жахилият заманындагы айта кете тургандагы бир салт- мурас бөлүштүрүү менен аялдын махрын алып коюу. Эгер эркек өлүп калса, андан калган мал-мүлктөрдү балдары, бир туугандары бөлүп алышып, жесир калган аялга үйлөнүү менен ошол биринчи эркеги бере турган махрды жаңылатпай эле кайра жашай беришчү.Мындай салтты Куран туура эмес деп чечип аны четке каккан: “Эй, ыйман келтиргендер! Силерге аялдарды күч менен мураска алуу дурус эмес…” Аялды махрынан насипсиз кылган башка салттарга да Куран Карим катуу тыюу салган. Дагы бир Исламий риваятта мындай деп айтылган: “Атанын махрга эч кандай акысы жок, эгерде кызга махр берилип, андан сырткары атасына дагы бир нерсе берилиш керек деген шарт коюлса деле туура эмес”.
Махр тууралуу айтыла турган маселелердин дагы бири- Куран аяттарында айтылган мына бул мисалдар:эгерде эркек кызга үйлөнсө да, бирок ага кошула электе эле талак берсе, анда махрдын жарымын төлөөсү керек. Албетте , аны алгандан баш тартып, эки тарп тең кечирилсе-бул такыбаалыкка жакыныраак деп айтылат аяттын уландысында. Ал эми ушул эле аяттын алдындагы аятта (Бакара сүрөөсү,236-аят) аял күйөөгө тиерде махры белгиленбеген болсо жана күйөөсүнө кошулардан мурда ажыраша турган болсо дагы күйөөсү ага салтка ылайык бир нерсе берүүсү зарыл. Ошондой эле Курандын башка бир аятында махрларын кайтарып алгандарга таң калып кайрылат: “Силерден (аялдар) ишеничтүү убада алышкан соң, кантип эле калыңдын бир бөлүгүн кайра аласыңар?”
Мажмауль баян тафсиринде “бириңерге жакындык болгондон кийин” деген сөздүн мааниси- аял менен эркектин жыныстык мамилеси дегенди билдирет, ал эми Альмийзан тафсиринде бул аят тууралуу мындай деп баяндалат:
“Аялдын махрын анын ыраазычылыгысыз тартып алуу зулумдук, ал эми жыныстык кошулуудан кийин ушундай болсо, мындай ишке аятта таң калып суроо жиберүүсү жөндүү. Анткени, кошулуу менен бул эки адам бир дене бир рухка айланышат жана эркек ушундан кийин аялына зулумдук кыла турган болсо,чындыгында өзүнө зулумдук кылганы. Ушул себептен таң калып сурайт: Кантип анын акысын жейсиң, силер денеңер экөө, рухуңар бир эмес беле же башкача айтканда эки рух бир денеде эмес белеңер?
Акырында Куран Каримдеги махр тууралуу айтылган нерселерге көңүл буруу менен мындай деп тыянак чыгарсак болот: Куран Карим махрды аялдын толук акысы катары таанып, аны өзүнө гана берилүүсүн аныктайт. Ал эми анын акысын жок кылуучу ар кандай жол-жосундарга тыюу салат.
Махр тууралуу маселенин соңундаишаара кыла турган нерсе- бул Куранда махрдын баасы такталып баяндалган эмес, бирок факихтер бул боюнча ар кандай ой-пикирлерге ээ. Алардын белгилүүсү булар:
1. Айрым факихтердин ою боюнча махрдын баасы 500 дирхамдан ашпоосу керек. Мынай махр Пайгамбардын (с.а.в) сүннөтүнөн алынган дешет. Ал, аялдарынын баарына ушундай махр берген экен.
2. Көпчүлүк факихтер махрдын азы да,көбү да же белгилүү баасы болбойт деп айтышат. Ал эми Ниса сүрөөсүнүн 20-аятында мындай айтылат: “…алардын бирөөнө (калыңга) мал-мүлк берген болсоңор…-Махр колго тийүүчү бир мүлк болуусу керек, бирок анын баасы жогору болуусу зарыл эмес деп чечишкен. (Ханафий мазхабына ылайык махрдын эң азы 10 дирхам, ал эми көбүнө чек жок.)

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ