Сейдана

Сейдана уругу (черный тмин) байыркы элдик медициналарда колдонулуп келген. Анын даарылык касиеттери өтө көп. Ислам пайгамбары (с.а.в) дагы ал тууралуу көп табыштаган. Сейдана кара түстүү, пияздын уругундай үч бурчту келген ирик дан. Жыты буркураган, ачуу таттуу аралаш даамданган өзгөчө пайдалуу урук. Аны майдалап, бал менен аралаштырып, ооруган жерге койсо, оорусу басаңдайт. Ошондой эле чай катары ичкенге пайдалуу. Көкүрөк ооруларына, нерв системаларына, бөйрөк, ашказан, жүрөк, көз, баш оору, тиш ооруларына оң таасирин тийгизет. Мындан тышкары адамдын ооруу вирустан коргонуу дараметин күчөтөт. Кыйынчылык менен сакайа турган ооруларга, анын ичинде сахар диабети, гепатит, жүрөк кан тамыр ооруларын айыктырууга чоң жардам берет.
Сейдана уругу жаратылыштын сыйкырдуу даарысы. Сйедананы көбүнчө Африка, Азия жана жакынкы чыгышта көп колдонушат, анын ашказан жана ичеги жараларына да дабаа экени аныкталган. Ошондой эле адамга күч- кубат берет, өзгөчө эмчек эмизген аялдарга сүту көбөйсүн деп ичиришет.
Колдонуу ыкмасы: Ооруган жерге жанчылган сейдананын уругун таза бал менен аралаштырып койсо болот. Үч грамм сейдана уругун бал менен кошуп жеп ачкарын жеп жүрсө зээнди кучөтөт, мээ кан тамырларын кеңейтет. Ал эми бөйрөк боор жана ашказан ичеги функцияларынын жакшы иштешине ачкарын бир чай кашык сейдана уругун демдеп алып бал менен ичсе болот.
Сейдана уругун күйгүзө турган болсоңор үйдүн ичиндеги курт кумурска жада калса жыланды да алыс качырат. Мындан сырткары атайы жанчылып чыгарылган сейдана майы да өтө таасирлүү. Анын бактерияга, турдүү вирустарга каршы экендиги амеркиалык окумуштуулар аркылуу 90 жылдары белгилүү болгон.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ