Интернет экстремизмге чоң курал болууда

“Азыркы интернеттин заманында, экстремисттик көз караштагы топтор өздөрүнүн идеологиясын тоскоолдуксуз дүйнөгө жарыялаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ошол үчүн кайсы бир деңгээлде Кыргызстанда ушул тармакты көзөмөлдөш керек болуп жатат”.
Учурда дүйнө жүзүн кооптондуруп түйшөлтүп жаткан экстремизм коомго терс жактары алып келүүдө.
Эске сала кетсек, апрель айында Бишкекте “Экстремизм жана такфиризм — коомго келтирген коркунучу” аттуу 1-Эл аралык симпозиум болуп өттү. Ал жака, дүйнөнүн булуң бурчунан келген дин кызматкерлер, эксперттер катышты.
Бишкекте өткөн “Экстремизм жана такфиризмдин” коркунучуна каршы күрөшүү боюнча актуалдуу жыйында , баш аягы 18 өлкөдөн диний эксперттер, илимпоздор катышты. Эң негизгиси бул жерде аалымдардын, билермандардын кеңешин мындан ары кандай багытта кетерин, кандай иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөшүүсү аябай жакшы аяктады. Бул кеңешүү алгачкысы гана, эми ал жерде айтылган сунуш-пикирлерди иш жүзүнө ашыруу керек.
Экстремизм чектен ашуу дегенди түшүндүрөт. Булардын өзгөчөлүгү дипломатиялык сүйлөшүүлөргө барышпайт. Тескерисинче күч колдонуп, кан төгүүнү каалашат. Экстремизм деп исламдын атын жамынып алып атайы жамгымсыз иштерди жасап жүрүшөт. Исламдын негизги баалуулуктарына мындай нерселер таптакыр дал келберин айрымдар билбей жатпайбы. Төмөндөгү үч нерсе чоң балекет алып келет. Биринчиси илим билими жок караңгылык, экинчиси кедейлик, ал эми үчүнчүсү бөлүнүп жарылуу. Азыркы учурда ислам тууралуу маалымат жеткирүүнүн өзү чоң көйгөйгө айланды. Анткени интернеттерде социалдык түйүмдөрдө ар ким муфтий болуп алып, туура же туура эмесин билбей эле ар нерсе жарыялап жатышат. Алардын чеги жок канчалаган жарандар окуп жатышат. Аягында исламды жакшы түшүнө электер чын төгүнүн билбей эле, аны чындык катары эсептеп алып жатышат. Жакында эле Англияда социологиялык иликтөө өткөрсө ал жактагы жаштардын тогуздун бири ислам мамлекетинин идеологиясын колдогондор экен. Бул дегендик азыркы интернеттин заманында, экстремисттик көз караштагы топтор өздөрүнүн идеологиясын тоскоолдуксуз дүйнөгө жарыялаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат дегенден кабар берет. Биздин жаштарга ислам мамлекетинин мүчөсү алыстан атайы келип чакырып жүрмөк беле, ошол интернеттеги ар кандай видео чакырыктардан таасир болуп жатат. Ошол үчүн кайсы бир деңгээлде ушул тармакты көзөмөлдөш керек болуп жатат.
Экстремизм жана такфиризмдин максаты эмне, алардын идеологиясы туурасында түшүндүрмө . Алардын башында кимдер турат жана кимдер кайсы мамлекеттер каржылайт?
Чынын айтканда ар түрдүү пикирлер бар. Буларды айрымдар чоң державалар колдойт десе, кээ бирлери мурунку “Аль-Каидадан” бөлүнүп чыккан топ деп айтып жүрүшөт. Иши кылып тигил же бул деп так айтыш кыйын. Бирок, булар Сириядагы, Ирактагы нефти чыккан жерлерди басып алышкандыктан алар үчүн чоң ресурс болуп, жыйынтыгында курал жарактан толук камсыз болуп жатышат. Учурда экстремисттер ислам мамлекети деп 8 млн. адам жашаган жерге ээлик кылып дүйнөгө зыянын тийгизип жатышат. Эгер ислам дининде бир маселе жаралса, демек бул жалпы мусулман дүйнөсүнүн көйгөйү. Азыр жамаат, жамаат болуп бөлүнүү чоң көйгөйгө айланды, тескерисинче болор болбос нерселерге көз жууп, исламдын негизги принцибин баалуулугун эске алуу менен бирдиктүү дин жамаатын көрсөтсөк жакшы болмок.
Дүйнөлүк изилдөөлөргө сереп салсак экстримизм коркунучу бар өлкөлөрдүн катарында, орто азия мамлекеттери бар экендиги айтылып жүрөт. Бул жагдайда Кыргызстан канчалык кооптуу?

Андай кооптонуу жок деп айтууга болбойт. Бирок өтө эле кооптонуунун деле кереги жок. Экстремизмди алдын алуу бул комплекстүү маселе. Эң башкысы ислам дини тууралуу баланын жаш курагынан туура тарбия бериш керек экен. Атайын мамлекеттин элегинен өткөн окуу программа киргизип ыктярдуу түрдө жаштарыбызга үйрөтүшүбүз керек.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ