Маликов: Түркмөнстан ИМ коркунучу алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң алсызы

Дүйнөлүк аалымдар «Ислам мамлекети» уюмуна андагы «ислам» сөзүн алып салуу боюнча кайрылуу жасады. Аталган уюмдун дүйнөлүк коомчулукка, Борбор Азияга жаратып жаткан кооптуулугу жана анын алдын алуу боюнча «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов .
Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырып жаткан радикалдашкан диний уюмдардын кооптуулугунан сырткары эмес. Дүйнөлүк аалымдардын «Ислам мамлекети» уюмуна жакында жасаган кайрылуусу КР, Борбор Азия аймагындагы бул жааттагы абал туурасында «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликовдун ой пикикри .
— Жакында ислам дини боюнча аалымдар тобу, бир катар мамлекеттер «Ислам мамлекети» террордук уюмунун аталышынан «ислам» деген сөздү алып салуу боюнча аларга ачык кат жолдоду. Буга сиздин пикириңиз кандай?
— Мен муну толугу менен колдойм жана макулмун. Ооба, жакында эле ислам боюнча 126га чукул ири аалымдардын өзүн «Ислам мамлекети» террордук уюмунун халифимин деп атап алган Абубакир Бахдадиге ачык каты жарыяланды. Мен маалыматты карап, таанышып чыктым. Кайрылууда аалымдар ислам жана мусулманчылыктын атынан чыгууга шарият жол бербей тургандыгын, алардын буга акысы жок экендигин негиздеп, айтып беришкен. Бул туура көтөрүлгөн демилге. Бул сөздү («ислам» – ред.) ал тургай эксперттер аз колдонгонго аракет кылабыз. Баары бир бул уюм «ислам», «мусулман» деген түшүнүктөрдү дисскредитация кылап жатышат. Менин баамымда, алардын максаты – исламга байланышкан түшүнүктөрдү, Куранды, шариятты жаманатты кылуу
— Эми КРге байланышкан маселеге келсек. Сириядагы чыр-чатактарга катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 200дөй деп айтышат, расмий эмес маалыматтарда арбын болсо керек?
— Алардын санын так эч ким айта албайт. Бул жерде чыгып кеткендердин расмий санына эмес, динамикалуу түрдө өсүп кетип бара жаткандыгын караш керек. Мисалы, 2011-жылы расмий түрдө бир дагы кыргызстандык кетпеген болсо, 2012-жылы алардын саны жети-сегиз адамга жеткен. Ал эми бир аз өткөндөн кийин, тагыраагы 2014-жылы чыгып кетти деп такталгандардын расмий саны 200дөн ашып кетти. Бул 5-6 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн абдан көп көрсөткүч. Жабык жол менен алдап, азгыруу улантылып жатат. Бул бийлик үчүн кооптуу коңгуроо. Кыргызстан үчүн эле эмес, Россия, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлиги үчүн ойлоно турган жагдай. Себеби, чыгып кеткен ар бир адам өзүнө башкаларды интернет аркылуу, телефон аркылуу, тууган-тааныштары аркылуу тартып жатат. Бул биздин бүгүнкү коомдогу өтө кооптуу тенденция болуп бара жатат. Жогоруда алардын канча экендиги туурасында суроо болду, балким, алардын саны айтылгандан да алда канча көп болушу ыктымал…
— Азгырылгандардын санын кыскартуу, агымын азайтуу боюнча сиз жетектеген аналитикалык борбор кандай иш-чараларды сунуштайт?
— Буга биргелешкен чараларды сунуштап жатабыз. Биринчиден, бул жаатта көзөмөл жүргүзгөн кээ бир мыйзамдарды катуулатуу зарыл. Буга интернет мейкиндиги, сайттар, сыртка чыккандар ж.б. кирет. Андан кийинки эле маанилүү кадам – алдын алуу иштери. Учурда ислам боюнча туура маалымат берүү азыркы мезгилдин зарылдыгы болуп турат. Себеби, азыр жаңылыш айтылган пикирлер абдан арбын. Көп учурларда светтик мамлекеттерде, мамлекеттик мекемелерде ислам туурасында кеп кылууга болбойт деп келишет. Тескерисинче, абалды туура баалай билип, менимче, исламдын салттуу формасын бекемдеп, анын жолдорун интеллектуалдык өнүгүүнүн негизинде түшүндүрүш, өнүктүрүшүбүз, калыптандырышыбыз керек. Бизге азыр исламдын туура түшүндүрүлгөн, жаңы картинкасы (түшүнүгү) керек. Себеби, буга чейин маалыматтык аймакта да айгышкан согуш жүрүүдө. Биздин улуттун өзгөчөлүктөрүн эске алып жана мен айткандай, интеллектуалдык өнүгүүнүн негизинде түзүшүбүз керек. Албетте, буга көп убакыт жана көп күч керектелет. Ал үчүн кадрларды, биринчи иретте кесипкөй имамдарды даярдоо зарылдыгы турат. Себеби, ислам тууралуу маалыматты ар тараптуу кылып ар бир угуучуга жеткире алгыдай, агартуучу жөндөмү күчтүү адамдар (кадрлар) керек. Тилекке каршы, азыр бул биз үчүн кыйын болуп жатат.
— Сиз өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алгандар эми Борбор Азияда дагы баш аламандыктарды уюштурууга ниеттенип жатканын, такталбаган маалыматтар боюнча буга 70 миллион доллар бөлүнгөнүн билдиргенсиз. Акыркы маалыматтар боюнча, аталган уюм күчтөрүн Тажикстан, Кыргызстан жана Россия аймагына багыттагандыгы айтылууда. Буга эксперт катары пикириңизди уксак?
— Биз жүргүзүп жаткан анализдердин негизинде, эгерде өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алгандардын сырткы башкаруу боюнча долбоору болсо, же автономдуу иштесе, андагы топтолгон техникалык, финансылык база кеңейтүүгө же позициясын бекемдегенге жумшалат. Анын башында тургандар балким, ИМ 5-6 жыл гана болуп турарын түшүнүп турат. Согушчандардын өзүнүн идеологиясы жана жайылуусу баары бир болот. Аларда топтолгон 8-9 миллиарддан ашуун доллардан каражаттар Африканын түндүгү, Европа, Кавказ жана Борбор Азия аймактарына жумшалат. Алар азгыруу жана башка максаттарга көп күч жумшап жатат. Андыктан, биз жогоруда айткан олуттуу кооптуулук бар. Конфликттин жайылышы турат. Бул жерде 70 миллиондун гана тегерегинде эмес, андан да арбын каражат каралышы мүмкүн. Өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алгандар бир топ сумманы албетте, аймагын кеңейтүүгө, өздөрүнүн тарапташтары менен пикирлештеринин санын арбытууга аракет жасап жаткан кези. Андыктан, дагы кайталап айтсам, бул тенденция — бийлик башындагылар үчүн ойлоно турган олуттуу маселе. Бул — тарыхта адамдык жана техникалык ресурстар көп топтолгон террордук уюм. Борбор Азиялык жана башка мамлекеттердин жетекчиликтери муну токтотуу үчүн биргелешип иш алып барбаса, кооптуулуктун коңгуроосу кагылууда. Себеби, Борбор Азиядагы Фергана өрөөнү эң аялуу аймак.
— Демек, алар Борбор Азияга жакындап келсе, радикалдашкан «жихадчылардын» санынын дагы көбөйүүсү жана биздин аймактарга кооптуулуктун дагы күч алышы деп түшүнөбүз да?
— Бул планда эң алсыз – Түркмөнстан, себеби, биринчиден, алардын армиясынын даярдыгы күчтүү эмес. Андан кийинкиси – Тажикстан. Буга чейин абалга маани бербей келген, алардын өлкөдөгү нейтралитетти кармап турган саясат абалга аралжы болбойт. Жамааттык Коопсуздук келишими уюмуна жана башка дагы саясий-аскерий уюмдарга мүчө эмес. Аларды кооптуулукка кептеген себептердин бири — коррупциянын деңгээлинин жогорулугу, көзөмөлдүн начардыгы. Экинчи дашы бир айта кете турган нерсе, ички кооптуулук жаралышы мүмкүн, өлкө ичиндеги дымып турган ячейкалардын активдешүүсү жана кеңейиши ыктымал.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ