«Ислам мамлекети» Түндүк Кавказда

Негизинен Сирия менен Иракта аракеттенген «Ислам мамлекети» тобу эми Орусиянын Түндүк Кавказ аймагындагы жихадчылар менен өнөктүк түзгөнүн жарыялады. Мындан мурдараак «Кавказ эмираты» же «Имарат Кавказ» деп аталган террористтик топтун өкүлдөрү «Ислам мамлекети» тобуна кошулууга ант кармаган.
«Ислам мамлекетинин» Түндүк Кавказга кулач жайышы кантип жарыяланды?
«Ислам мамлекети» тобу атын атабаган кишинин аудио кайрылуусун ачыкка чыгарган. Анда өзүн Чечня, Дагестан, Ингушетия, Кабарды-Балкария жана Карачай-Черкесиядагы жихадчылардын өкүлү катарын тааныштырган киши «Ислам мамлекети» менен өнөктүк түзүүгө ант кармаган.
Андан тышкары уюмдун «Фурат» деп аталган орус тилдүү сайтында «Кавказ провинциясы» жарыяланганы белгиленген. «Ислам мамлекети» тобу Рустам Аселдеровду «Ислам мамлекетинин» «Кавказ провинциясындагы» жаңы лидери деп атады.
«Кавказ эмираты» кандай уюм?
Бул топтун таржымалы 1990-жылдардагы чечен жикчилдерине барып такалат. «Кавказ эмиратын» 2007-жылы чечен согушкерлеринин башчысы Доку Умаров негиздеген болчу. Бул уюм Түндүк Кавказды Орусиядан көз карандысыз кылууга аракет кылат «Кавказ эмираты» Аль-Каида уюгу менен тилектештигин билдирген, бирок негизинен иш-аракеттеринин бардыгы Кавказдагы Орусиянын башкаруусуна каршы багытталган.
«Ислам мамлекети» тобунун Кавказдагы таасири кантип өстү?
Топтун башчысы Абу-Бакир аль-Багдади 2014-жала өзүн “халиф” же дүйнөдөгү бардык мусулмандардын лидеримин деп жарыялаган. Аль-Кида менен «Кавказ эмираты» эң башында эле «Ислам мамлекетинин» Кавказ аймагына кулач жайышына каршы болгон. Бирок Сирия менен Ирактын аймагындагы согушка соңку жылдары жүздөгөн түндүк кавказдык согушкерлер тартылганы белгилүү. Алардын көбү аль-Багдадинин жетекчилиги алдында кызмат кылууга ант кармашкан.
«Ислам мамлекетинин» алдынкы сабында Грузиядан чыккан чечен Умар аль-Шишани (Тархан Батирашвили) бар. Ал эми Рустам Аселдеров «Кавказ эмиратынын» Дагестан боюнча башчысы болуп турганда, 2014-жылдын ноябрь айында «Ислам мамлекетине» өтүп кеткен. Буга кошумча жакында «Кавказ эмиратынын» негиздөөчүсү Доку Умаровдун эң жакын санаалашы деп каралган Аслан Бютукаев да аль-Багдадиге баш ийип, өзүнүн артынан Кавказдагы көптөгөн согушкерлерди ээрчитип кетти.
«Ислам мамлекети» менен «Кавказ эмиратынын» өнөктүгү эмнеге алып келиши ыктымал?
«Кавказ эмираты» жөнөкөй атуулдарды бутага алган учурлары көп эле катталган. Анын ичинде 2010-жылдагы Москва метросундагы жардыруу да бар. Бирок негизинен бул топ Орусиянын аскерий күчтөрүнө каршы күрөш жүргүзүп келет.
Мындан кийин Түндүк Кавказдагы жихадчылар мурдагына караганда күрөшүүнүн ырайымсыз ыкмаларына өтөт деген кооптонуу бар. Себеби, «Ислам мамлекети» тобу аль-Каиданын таасири алдындагы аймактарды ээлеп алганда дал ушундай жолду тандап алган.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ