Эксперт ИМ менен Талибандын бирикпеген себебин айтып берди

Эки уюмдун биринчи айырмачылыгы — бул диний көз карашынын ар түрдүүлүгү. Мындай абал алардын биригишине бөгөт болот, дейт эксперт.
Пакистандын «24» телеканалынын саясат таануучусу жана баяндамачысы Надим Реза Sputnik Urdu агенттигине индиялык ЖМКлары тарабынан талкууга алынган «Ислам мамлекети» террористтик уюму менен «Талибан» кыймылынын биригүү мүмкүнчүлүгүн түшүндүрүп берди.
«Биринчи кезекте алардын диний ишенимине көңүл буруу керек. ИМ — салафиттер. Пакистанда салафиттер дээрлик жок, демек ИМдин түзүлүү жана жайылуу коркунучу да жокко чыгат. Афган чек арасынын аймагында жайгашкан террористтер — ханафиттер. Кеп Талибандар жөнүндө болуп жатат. Аларды салафиттер мусулман деп да эсептебейт. Демек, аларды алмаштырууга болбойт. ИМ менен Талибан бири-бирине каршы согушууда», — деп оюн билдирди эксперт.
Надим Реза Талибандын лидери Мансур молдонун ИМ менен биригүү жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес, талибдер аларды жоготууга бардык аркетин жумшайт деген сөзүн эскерди.
Муну менен бирге Резанын айтымында, талибдерге каршы учурда Пакистандын «Зарб-е-азм» армиясынын активдүү операциясы жүрүп жатат. Ал бул күрөштүн аягына чейин жүрөрүн белгиледи. Саясат таануучу Индиянын кооптонуусун түшүнүүгө болорун, бирок ал куру бекер убара экенин кошумчалады.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ