Лавров Сириянын Түркия менен болгон чек арасын тез арада жабууга чакырды

Лавров Сириянын Түркия менен болгон чек арасын тез арада жабууга чакырды

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Сергей Рудский Түркиядан курал-жарак ташуу аракеттери азыркыга чейин токтобой жатканын айткан. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен болгон сүйлөшүүсүндө Сириянын Түркия менен болгон чек арасын тез арада жабууга чакырды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында маалымдалды. «Лавров Сирияга Түркиядан согушкерлердин иргелбей кирип жатышынан улам бул мамлекет менен болгон чек араны тез арада жабуу керектигин айтты», — деп жазылат билдирүүдө….

Прочитайте больше