Лавров Сириянын Түркия менен болгон чек арасын тез арада жабууга чакырды

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Сергей Рудский Түркиядан курал-жарак ташуу аракеттери азыркыга чейин токтобой жатканын айткан.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен болгон сүйлөшүүсүндө Сириянын Түркия менен болгон чек арасын тез арада жабууга чакырды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында маалымдалды.
«Лавров Сирияга Түркиядан согушкерлердин иргелбей кирип жатышынан улам бул мамлекет менен болгон чек араны тез арада жабуу керектигин айтты», — деп жазылат билдирүүдө.
Европалыктар Түркия Евробиримдикке жакын арада кошулбайт деп эсептейт
Жума күнү Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Сергей Рудский Түркиядан атайын «Жебхат ан-Нусра» террордук тобу үчүн жүк ташуучу унаалар менен курал-жарак ташылып жатканын билдирип, агым токтобой жатканын айткан.
Сирияда атышууларды токтотуу режими 27-февралда күчүнө кирген. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча мындай режимди сактоого Сириядагы 60тай согушкер топ макул болушкан.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ