100-Аадият сүрөсү

Меккеде түшүрүлгөн. Он бир аяттан турат.
Сүрө биринчи аятта айтылган «Аадият» сөзү менен аталган. Аадият – күйүккөн күлүк аттар, тулпарлар деген мааниге келет.
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
وَالْعَادِيَاتِ ضَبْحًا (1)
فَالْمُورِيَاتِ قَدْحًا (2)
فَالْمُغِيرَاتِ صُبْحًا (3)
فَأَثَرْنَ بِهِ نَقْعًا (4)
فَوَسَطْنَ بِهِ جَمْعًا (5)
إِنَّ الْإِنسَانَ لِرَبِّهِ لَكَنُودٌ (6)
وَإِنَّهُ عَلَى ذَلِكَ لَشَهِيدٌ (7)
وَإِنَّهُ لِحُبِّ الْخَيْرِ لَشَدِيدٌ (8)
أَفَلَا يَعْلَمُ إِذَا بُعْثِرَ مَا فِي الْقُبُورِ (9)
وَحُصِّلَ مَا فِي الصُّدُورِ (10)
إِنَّ رَبَّهُم بِهِمْ يَوْمَئِذٍ لَّخَبِيرٌ (11)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…

1. Ант берем, күйүккөн күлүк тулпарлар менен!
2. Ант берем, туягынан учкун чачкан аттар менен!
3. Ант берем, эрте таңда чабуул коюп,
4. чаң-тополоң бүлүк салып,
5. душман топторун жарып кирген аттар менен!
6. Акыйкатта, адам баласы – өз Ээсине шүгүр кылбайт. (14:34)
7. Албетте, буга анын өзү да күбө.
8. Акыйкатта, ал жакшылыкты-байлыкты өтө катуу сүйөт!
9. Кызык, ал билбейби?! Мүрзөлөрдүн ичиндегилер чыгарылган кезде,
10. дилиндеги жансыры ашкере кылынган кезде,
11. албетте, ошол Күнү алардын Ээси,
алардын бардык жасаган нерселеринен толук кабардар болот. (1:4)

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ