99-Зилзала сүрөсү

Мединада түшүрүлгөн. Сегиз аяттан турат.
Сүрө биринчи аятта айтылган «Зилзала» (Жер титирөө) сөзү менен аталган.
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
إِذَا زُلْزِلَتِ الْأَرْضُ زِلْزَالَهَا (1)
وَأَخْرَجَتِ الْأَرْضُ أَثْقَالَهَا (2)
وَقَالَ الْإِنسَانُ مَا لَهَا (3)
يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا (4)
بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَى لَهَا (5)
يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ النَّاسُ أَشْتَاتًا لِّيُرَوْا أَعْمَالَهُمْ (6)
فَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ (7)
وَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ (8)

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…

1. Жер титиреп силкинген кезде,
2. Жер – ичиндеги нерселерди сыртка чыгарып салган кезде,
3. Адам баласы: «Буга эмне болду?» – деп айткан кезде,
4. Дал ошол күнү Жер (өзүнүн үстүндө адамдар эмне кылганын) кабар берип айтып берет.
5. Анткени, сенин Эгең ага сүйлөгөнгө аян берет.
6. Мына ошол Күнү адамдарга өздөрүнүн амалдары көргөзүлүп, топ-топ болуп мүрзөлөрүнөн чыга келишет.
7. Андыктан, кимде-ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт,
8. ал эми кимде-ким кыпындай жаман иш кылган болсо аны да көрөт.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ