Эксперттер талдоосу: Трамптын Орто Азия жана Орусия саясаты кандай болот?

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп учурда өзүнүн президенттик командасын чогултууда. Ал жакында эле Борбордук чалгындоо башкармалыгын жетектөөнү конгрессмен Майк Помпеого сунуштаган. Ал эми юстиция министри жана башкы прокурор болуп Жефф Сешнс, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиликке Майк Флинн дайындалышы мүмкүн. Мындан улам, эксперттер Трамптын алдыдагы саясатын анын командасындагы кадрларга карай болжолдоп баштады. Эл аралык аренадагы саясатка сереп салып турган жергиликтүү эксперттер да Трамптын Борбор Азияга жана Орусияга карата саясаты кандай болоруна пикирлерин айтып баштады. Бул тууралуу кабарчыбыз Орозгүл Арстанова эл аралык саясий серепчилердин пикирлерин чогултуп көрдү.

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Трамп, шайлоо алдында дүйнөнүн геополитикасына өзгөртүү киргизүү тууралуу катуу пикирлерди айткан. Айрыкча анын Орусия жана Кытай менен мамилесин жакшыртуу идеясы көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Бирок Кыргызстандагы жергиликтүү эксперттердин айтымында, Трамптын келишинен өтө көп нерсени үмүт кылууга али эрте. Шайлоо алдындагы айтылгандын баары шайлоочунун көңүлүн өзүнө буруу үчүн жасалган аракеттер. Айрыкча Орусия менен мамилеси камыр-жумур болуп кетүүсү да эки ача пикир жаратууда. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эсен Усубалиевдин пикиринде, Трамптын алдыдагы 100 күн ичинде жасай турган иштери анын кандай президент болорун көрсөтөт.

“Трамптын келиши менен Орусия-АКШ мамилеси жакшырат дегенге кошулбайм. Муну Орусия бийлиги өзү деле аңдап турат. Владимир Путин да башка дүйнөлүк лидерлер сыяктуу эле, Трамп менен өтө этияттык менен мамиле кылары турган иш. АКШнын сырткы саясаты ачык-айкын жана мурдагы калыбынан өзгөрбөйт. Ал эми Орусия деле мурдагы позициясынан кайтуусу мүмкүн эмес. Албетте эки өлкө Сирия боюнча анча-мынча макулдашууларга барышы мүмкүн. Бирок анда деле абал өзгөрбөйт. Айрыкча Трамптын Орто Азияга карата мамилеси Орусия менен ымаласына жараша болот деген жаңылыштык. Себеби Америка Борбор Азия менен түздөн-түз кызматташтыгы бар жана бул чөлкөмдүн саясий табитин өтө жакшы билишет. Эгер АКШ Борбор Азия боюнча Орусиянын пикирин эске алуусу керек болсо, анда Кытай менен да эсептешүүгө туура келет. Кайсы бир чөлкөмгө карата саясий позициясын өзгөртүү АКШга пайда келтирбейт. Албетте бул жерде мен кардиналдуу өзгөрүүлөр тууралуу айттым, ал эми саясий көз караш боюнча АКШ бийлиги демократтардан республикачылдарга өттү. Демек, Трамптын админстрациясынан республикачыл көз караштагы саясий өзгөрүүлөрдү күтсөк туура болчудай”.

Ошондой эле, эксперттердин пикиринде Трамптын мусулмандарды Америкага киргизбөө пикири да добуш алууга багытталган пиар-кампаниянын бир бөлүгү. Мындан чочулоого негиз жок. Мамлекеттик дин комиссиясынын мурдагы орунбасары жана учурдагы көз карандысыз эксперт Канатбек Мурзахалиловдун баамында, АКШда президент алмашканы менен, сырткы саясат эч өзгөрбөйт. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү Трамптын Түркия бийлиги менен ымаласы кандай маанайда болоруна да көз салып турат. Анткени АКШ-Түркия мамилесинин таасири Борбор Азияга да өз эпкинин тийзизет. Айрыкча бул Кыргызстан үчүн маанилүү.

“Менин пикиримде Америка мурдагыдай эле дүйнөнүн “полициясы” бойдон кала берет. Трамп Орусияга карата айрым санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн. Бирок ал санкциялык “тирешүү” позициясын Евробиримдикке өткөрүп берет. Ал эми согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө абал кандай болорун айтуу кыйын. АКШ балким бираз позициясын жумшартып, согуштар басаңдоосу ыктымал. Бул жерде Түркия менен АКШнын мамилесин да байкап туруу зарыл. Анткени Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси бир жылдан бери солгундап кетти”.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча адис, талдоочу Эдил Осмонбетов АКШ-Орусия мамилесинин экономикалык абалына өзгөчө токтолду. Анткени учурда санкцияларга кабылган орус экономикасы 100дөгөн миллиард доллар акчалардан кол жууду. Орусия экономикасынын алсызданышы Борбор Азияга, анын ичинде сөзсүз Кыргызстанга өз таасирин берет. Себеби Кыргызстан экономикалык жактан импорт-экспорт маселесинде Орусиядан көз каранды.

“Орусия бийлиги АКШ президенттигине Трамптын шайланышына кызыкдар болчу. Акыркы айда орус телеканалдарындагы Американы эң чоң душман кылып көрсөткөн сюжеттер да азайып кетти. Ал эми санкциялар боюнча айтсак, Орусия үчүн АКШнын санкциялары көп зыян берген жок. Орусия эң көп Евробиримдиктин санкцияларынан жабыркады. Азыркы дүйнөдө санкциялар согуштун жаңы түрү. Орусия учурда миллиарддаган зыянга учурап жатат. Бул жерде Орусия европалык санкцияны жеңилдетүү максатында Трамп менен сүйлөшүүнү тездетиши мүмкүн. Бирок Трамп бизнестен келген киши. Демек ал да өз кызыкчылыктарын жогору коет. Азыр Трамп сырткы саясаттан мурда, өлкөнүн ичиндеги иштер менен алектенет деген пикирдемин. Себеби ал ички экономика боюнча шайлоочуларына көп убада берген”.

Белгилей кетсек, АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен 90-жылдардан бери эле тыгыз кызматташып келет. Таасирдүү аткаминерлери бул чөлкөмгө бат-баттан каттап турганы да маалым. АКШдагы шайлоонун алдынан мамлекеттик катчынын орун басары да Орто Азияга саясий турне жасады. Ал эми шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп буга чейин бир да мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал өмүр бою ишкерлик менен алектенген. 70 жашында президент болуп шайланган Трамп, 2017-жылдын 20-январында бийликти учурдагы президент Обамадан өткөрүп алат.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ