101 КОРИА СҮРӨСҮ

Меккеде түшүрүлгөн. Он бир аяттан турат.
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
الْقَارِعَةُ (1)
مَا الْقَارِعَةُ (2)
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْقَارِعَةُ (3)
يَوْمَ يَكُونُ النَّاسُ كَالْفَرَاشِ الْمَبْثُوثِ (4)
وَتَكُونُ الْجِبَالُ كَالْعِهْنِ الْمَنفُوشِ (5)
فَأَمَّا مَن ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ (6)
فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ (7)
وَأَمَّا مَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ (8)
فَأُمُّهُ هَاوِيَةٌ (9)
وَمَا أَدْرَاكَ مَا هِيَهْ (10)
نَارٌ حَامِيَةٌ (11)
1. Жүрөктөрдү каттуу кагуучу – Кыямат…
2. Кыямат деген эмне?
3. Кыяматтын эмне экенин сен кайдан билээр элең?
4. Ал күнү адамдар чачыраган көпөлөктөр сыяктуу болуп калышат.
5. Тоолор да тытылган жүн сыяктуу болуп калат.
6. Ал күнү кимдин таразасы оор болсо,
7. анда ал ыраазы боло турган жашоодо болот.
8. Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо,
9. анда анын бара турган жери Хавия болот.
10. Анын эмне экенин билесиңби?
11. Ал – кызытылган От!

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ