102 ТАКААСУР СҮРӨСҮ

Меккеде түшүрүлгөн. Сегиз аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен…
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
أَلْهَاكُمُ التَّكَاثُرُ (1)
حَتَّى زُرْتُمُ الْمَقَابِرَ (2)
كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ (3)
ثُمَّ كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ (4)
كَلَّا لَوْ تَعْلَمُونَ عِلْمَ الْيَقِينِ (5)
لَتَرَوُنَّ الْجَحِيمَ (6)
ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيْنَ الْيَقِينِ (7)
ثُمَّ لَتُسْأَلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنِ النَّعِيمِ (8)
1. Дүйнө топтоп көбөйтүү – силерди (Аллага ибадат кылуудан) алаксытты,
2. тээ мүрзөлөргө коюлганча чейин (дүйнөгө тойбойсуңар).
3. Жок! Силер жакында (дүйнөгө кул болуунун акыбетин) билесиңер.
4. Жок, жо-ок! Силер жакында билесиңер.
5. Жок, эгер силер (дүйнөгө кул болуунун акыбетин) айкын билсеңер (ага кул болбойт элеңер)!
6. Ант болсун, силер сөзсүз Тозокту көрөсүңөр.
7. Дагы бир жолу ант болсун, силер аны көзүңөр менен анык көрөсүңөр!
8. Андан кийин ошол Күнү силерге берилген бардык жакшылыктардан сөзсүз сураласыңар!

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ