Эр-Рияд Иранга кол салса, Тегеран Мекке менен Мединаны гана жайына коёт.

ИИРдин Коргоо министри арабстандык аткаминерлердин акыркы коркутууларына жооп катары: “Эгер Эр- Рияд ойлонбой иш кыла турган болсо, Тегеран бир гана Мекке менен Мединаны жөн коёт”,- деген. Иран Коргоо министрлигинин башчысы бригадалык генерал Хусейн Дехкан бул билдирүүлөрүн Арабстандын мураскер шахзаадасынын орун басары жана өлкөнүн Коргоо министри Мухаммад бен Салмандын коркутууларына карата айткан. Эске салсак, Мухаммад бен Салман “Сауд Аравия Иранга кол салууга даярданууда”,- деп билдирген эле. Бул тууралуу ИРНА агенттиги ливандык “Ал- Манар” телеканалына шилтеме берип маалымдаган.
“Бул жалган коркутуулар! Арабстан бүгүнкү күндөрү аймактагы согуштарга катышып жатат жана алигече согушун аяктай элек”,-деди Дехкан. Ирандын Коргоо министри Арабстан бир нече жылдан бери Йеменге баштаган согушунда жеңишке жете албай, эми Иранды кол салуу менен коркутуп жатканына ишаара кылды.
“Менин оюмча алар өздөрү эмне деп жатканын анчейин түшүнө беришпейт. Бул алардын оройлуктары менен текеберчиликтерин айгинелейт”,-деп кошумчалады министр. Дехкандын айтымында Иран эч убакта эч кандай араб же мусулман өлкөлөрүн басып алууга умтулган эмес.
“Биздин элдин жана биздин ыңкылабдын урааны: Бардык мусулмандар ислам менен сыймыктуу болгула! Биз эч кимди ИИРди коргоого мажбурлабайбыз, бирок ким бул жолго кошулса аны жылуу тосуп алабыз”,-деди ал.
“Иран “мусулмандар дүйнөсү ислам элин көтөрүү максатында иш кылса”, деп кызыгат. Ошондой эле текеберлүү державаларга каршы туруп, аларга өлкөнүн байлыктарын тоноп кетүүгө жол беришпесе деп тынчсызданат”,- деп кошумчалап өттү Дехкан.
Ал, Сауд Аравия бүгүнкү күнү айласы кетип, сионисттик режимдин кызыкчылыктарына кызмат кылып, башкаларды дагы Иранга каршы тукуруп жатканын баса белгиледи.
“Сауд өкмөттөрү Израиль жана АКШ менен биригип алса, мусулман элине пайда алып келеби же болбосо АКШынын региондогу катышуусу алардын коопсуздугуна кепилдик болобу, жообун беришсе?”, деп суроо узатты Дехкан.
Дехкан ИИРге душмандардын кол салуу ыктымаалы боюнча берилген суроого, “биз душмандарыбызга жана америкалыктарга мындай катачылыкты кетирбөөнү сунуштайт элек”,-деп жооп берди.
Иран Коргоо министрлигинин башчысы АКШ менен Арабстандын Иран чек арасындагы террордук топтордун аскердик операцияларына колдоо көрсөтүүлөрүнө ишаара кылып, “Арабстан бүгүн акыркы 38 жылдын ичинде ар кандай ислам өлкөлөрүндөгү элдик аракеттерди токтотууга канча каражат кетиргенин айтуулары керек”,- деди. “Алар Иранга таңууланган согушта Иракка кандай жардам беришти? Эми Йемен менен Ирак жана Сирияда эмне кылып жатышат? Иран бүгүн коргонуу тармагында эң жогору потенциалдарга ээ жана өлкөнү коргоо максатында зарыл болгон жабдуулары бар өлкө”,-деп баса белгиледи ал.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ