Арабстан менен Түркия МКалары Сирия режимин бурмалоо менен чагылдырышат.

IRIB агенттигинин маалыматына ылайык, террордук топтун Валид Хенди аттуу бир согушкери арабстандык жана түрк МКалары Сирия кырдаалы боюнча Сириянын саясий режимин бурмалоо менен чагылдышаарын мойнуна алган. Валид ошондой эле “Ак туулга” тобу менен биргеликте Алепподо жасалмалуу химиялык кол салуунун видеого тартылуусуна катышканын айткан. Анын айтымында бул жасалма тасманы түрк телеканалы тарткан. Мындан тышкары ал бир террордук топко кирип алып, үч жыл бою “жергиликтүү кеңештен” жанан Перс булуңунун араб демөөрчүлөрүнөн акча алып жүргөнүн мойнуна алган.
Белгилей кетсек, ЖМКалардын арасында телеканалалдардын таасири өтө жогору болгондуктан, көптөгөн социологдор аны “эң күчтүү МК” ,-деп аташат. Ушинтип, 1950 –жылдан бери телеберүүлөр жалпы элдин арасында, сабаттуулары да сабатсыздары да колдоно турган талаптуу товарга айланган. Албетте башка ЖМКалар дагы өз аудиторияларына ээ.
Мартин Шоу өзүнүн “Жарандык коом жана дүйнөлүк кырдаалдагы ЖМКалардын ролу” деген китебинде мындай жазган: “ЖМК зобмулук менен согуштарды башка коомдук уюмдарга салыштырмалуу күчтүүрөк чагылдырат. ЖМК саясатка коомдук көз караш аркылуу таасир берет.”
Сирия режимине каршы согушкан өлкөлөр, алардын ичинде араб өлкөлөрү менен Түркия Сирия кырдаалын чагылдырууда саясий кызыкчылыктарын көздөп колундагы ЖМКаларды сириялык режимге каршы колдонушат. Ушундай түрдө ЖМКалар, алардын ичинде катардык “Аль-Жазийра” телеканалы сириялык режимге каршы жалган репортаждарды көрсөтүү менен жалган образдарды түзүп, жалган видеороликтерден колдонот.
Мисалга Аль-Жазийранын Сирия кырдаалы боюнча берген жаңылыктары, репортаждары менен телеберүүлөрү Катар өкмөтүнүн кызыкчылыктарына шайкеш жасалып, Сирияга каршы аскердик аракеттерге дем берип турат. Проамерикалык Аль- Жазийра телеканалы алгачкы жолу 2013-жылдын 20-августунда оппозициялык күчтөргө каршы хмиялык кол салуу тууралуу кабарлап, бул кабарды бекемдөө үчүн жасалма видеону көрсөткөн эле. Аль- Жазийра теканалынын британиялык версиясы 5 күн аралыгында, 2013-жылдын 26-31-августтарында Сирия кырдаалы боюнча 26 сааттык жаңылыктар убактысын бөлүү менен 321 репортаж көрсөткөн. Албетте бул берүүлөрдүн бардыгы коомдук ой-пикирлерди азгырып, Сирияга каршы аскердик кол салуунун пайдасына багытталган.
Ушундай түрдө Валид дагы “Ак туулга” тобу химиялык кол салуу шылтоосу менен террорчуларга атайын кийимдер алып келингенин тадыктаган. Бул жасалма кол салууну тартуу учурунда сиреналарды иштетип, жапа чеккендерге вагонеткаларды даярдашканын баяндаган. Ошону менен алар Сирия армиясын жалган химиялык кол салууга таңуулоо максатында жасалма видеороликтерин интернетке коюшкан.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ