103-Аср сүрөсү

Меккеде түшүрүлгөн. Үч аяттан турат.
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
وَالْعَصْرِ (1)
إِنَّ الْإِنسَانَ لَفِي خُسْرٍ (2)
إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَتَوَاصَوْا بِالْحَقِّ وَتَوَاصَوْا بِالصَّبْرِ (3)
1. Асрга ант!
(Аср – заман, кылым, доор, убакыт, мезгил дегенди билдирет. Дагы бир мааниси – күндүн экинчи жарымы, дигер маалы.)
2. Албетте, инсан зыян ичинде.
3. Бирок, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана бири-бирине акыйкат менен сабырдуулукту осуят кылгандардан башка.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ