Орусия, Иран жана Түркия Сирия боюнча жалпы стратегиялык максатын жарыялады

Орусия, Түркия жана Иран өлкөлөрү террористтерди толугу менен жок кылууну өздөрүнүн негизги максаты катары жарыялады. Орусия президенти Путиндин айтымында, террористтер абалды курчутуудан башка жолго өтпөй жатышат.

«Биз жалпы стратегиялык максат катары террорчуларды толугу менен жок кылууну көздөп жатабыз. Анткени алар планетадагы абалды туруксуздаштырууга болгон аракеттеринен баш тарткан жок. Тынчтык жараянын ишке ашыруу процесстерине тоскоолдук жаратууда»-деп кошумчалаган Орусия президенти Путин.

Маалым болгондой, Түркиянын борбору Анкарада Сирия маселеси боюнча Иран, Орусия жана түрк бийлигинин жетекчилери үч тараптуу саммит өткөрүштү. Бул Орусия президенти Путиндин шайлоодон кийинки алгачкы чет өлкө сапары болду.

Жыйындын аягында жогоруда айтылган стратегиялык план кабыл алынды. Ал эми кийинки жолугушуу ушул форматта Иранда өтмөкчү. Бул сунушту Ирандын президенти Хасан Роухани киргизген.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ