Изариль күчтөрү журналисттерге дагы аёосуз ок атууда

Израиль аскерлери Газа чек арасындагы демонстрацияны чагылдыруу үчүн келген журналист жана репортерлорго дагы ок атууда.

Азыркы учурга чейин 55 журналист жаракат алды. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. «Анадолу» агенттиги маалымдагандай, сионист режими эл аралык мыйзамдарды бузуу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын 125 кишисине карата ок чыгарган. Анын ичинен 55 киши Газадагы акыркы демонстрация учурунда жаракат алган.

Билдирүүгө караганда, журналисттердин арасынан 9 киши аскердик ок, 8 киши жарылуучу ок, 17си түтөмө октон, 21и ур-токмоктон жаракат алган.

Белгилей кетсек, 30-мартта Газа секторунун чек арасында башталган “Кайтаруу маршы“ акциясы 11 жумадан бери уланууда. Хамастын лидери Исмаил Хания “Кайтаруу маршы” көздөгөн жыйынтыкка жетмейинче улантыла берет деп билдирген. Палестинанын ММКлары демонстрация учурунда курман болгондордун саны 130га жеткенин кабарлашууда. Бирок Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 120 киши каза тапкандыгын кечээ билдирген.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ