Американын Мэриленд штатындагы ок атышуу коркунуч туудурду

Бул тууралуу IRNA агенттиги NBS каналына шилтеме берип маалымдады.
Берилген маалыматтарга караштуу, ок атышуу 20-сентябрда бир чиркөөнүн жанында болгон.  Абердин шаарынын Харфорд майданынын полициясы бул ок атышуудан бир нече адамдар  курман болгонун жарыялашып, бирок жабыркагандардын так санын айтыша элек.

Полиция булактары атышуу көпкө созулганын жана полиция кызматкерлери ок атууга жооп кайтарып жатышканын билдирди. Мэриленд штатынын мэри Лари Хоган өзүнүн Твиттер баракчасында бул ок атышууну “коркунучтуу” деп сыпаттап жазып чыгарган.

Белгилей кетсек, Америкада күндө ок атышуудан курмандыктар катталат, буга карабастан, Америка өкмөтү алигече курал сатуу боюнча чектөө киргизүү чечимин кабыл ала элек.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ