Amnesty International уюму Арабстандын укук бузууларынын жаңы тизмеcин жарыялады

Бул тууралуу Мехр агенттиги “аль-Алям” маалыматына шилтеме берип маалымдады.
Арабстандыктардын укуктары өлкөнүн диктатордук бийлиги аркылуу тебеленүүдө. Аалу Сауд бийлиги бир эле арабстандыктардын эмес, башка бир тууган мусулмандардын укуктарын да бузушууда.
Эл аралык Амнистия уюму Арабстандын укук бузууларынын жаңы тизмеcин төмөнкүдөй жарыялады:

Йемендеги согуш

Эл аралык коалиция Арабстандын жетекчилиги менен үч жарым жылдан бери Йеменди талкалап келет. Бул согушта миңдеген жайкын тургундар, алардын ичинде балдар курман болушуп, бир канча ооруканалар, мектептер жана үй-турактар кыйратылды.
Саясий активисттерди, журналисттер менен жазуучуларды  куугунтуктоо
Сауд өкмөтү террорчулукка каршы күрөшүү мыйзамынан пайдалануу менен адам укуктарын коргоочу активисттердин тынч маанайдагы аракеттерине электроникалык айып салуу менен аларды куугунтуктап жатышат.

Аял укуктарын коргоочуларын камакка алуу

Быйыл Арабстандагы аял укуктарын коргоочу бир топ белгилүү активисттер камакка алынышкан. Алардын ичинде Лажин Хазлуль, Иман Нажфан, Азизе Юсуф аттуу активисттер эч кандай күнөөсүз кармалышкан.

Өлүм жазасын киргизүү

Арабстан буйрутма аркылуу сот уюштуруу менен бир канча адамдарга өлүм жазасын чыгарган.

Камакка алынгандарды кыйноого алуу

Арабстанда камакка алынган айрым адамдар эл аралык Амнистия уюмуна арызданышып, Аалу Сауд өкмөтү камактагыларды катуу кыйнап жатышканын билдиришкен.

Аялдарга каршы алдын ала программалаштырылган дискриминациялар

Арабстанда аялдар жана кыз-келиндер  дискриминацияга кабылышат. Ал эми өлкөнүн айрым мыйзамдары аялдардын укуктарын жактабайт.

Диний дискриминация

Арабстандын аз калкын түзгөн  шииттердин укуктары тебеленүүдө. Алар өкмөттүк кызматтарга кабыл  алынышпайт. Шиялардын ондогон активисттери 2011-2012-жылдардагы нааразычылык акцияларынан соң дарга асылышкан.

Арабстанда болгон окуялар териштирилбей ошол жерде калат

Арабстандын башчылары өлкөнүн активисттерин, эл аралык Амнистия  уюмуна же чет өлкөлүк дипломатттарга кайрылган курман болгондордун үй-бүлөлөрүн катуу жазалоодо.

Жамал Хашоггинин өлүмү

Жамал Хашоггинин өлүмүнүн артынан эл аралык Амнистия уюму БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррешке кайрылуу менен БУУ тарабынан Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча так иликтөөлөр аткарылуусун талап кылды.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ