Самаркандда маданий мурастарды сактоо боюнча биринчи эл аралык конференция өтөт

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Борбор Азияда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен ЮНЕСКОнун колдоосу астында “Материалдык жана руханий мурастарды сактоо, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү” темасында эл аралык конференция өтөт.

Бул конференцияга ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле жана аталган тармак боюнча дүйнөнүн 45 мамлекетинен 200дөн ашуун эксперттер жана окумуштуулар катышат.

Ошондой эле, дүйнөнүн 54 өлкөсүнүн илим жана өнөр тармагындагы өкүлдөрү, эксперттери, окумуштуулары, музейлердин жетекчилери жана башка адистердин катышуусу пландалган.

Конференциянын алкагында “Чыгыш ырлары” аттуу музыкалык фестивалдын ачылышы жана  тарыхый шаарлар Ташкент, Термез, Самаркандды камтыган “Өзбекстан улуу цивилизациялардын, падышалыктардын, диндердин жана маданияттардын түйүнүндө” аттуу мурас апталыгы өтөт.

Мындан тышкары, Маданий мурастарды карап чыгуу жана сактоо  боюнча дүйнө коомчулугунун үчүнчү эл аралык конгрессинин, байыркы эстеликтердин көргөзмөсүнүн өткөрүлүшү күтүлүүдө.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ