Сомалинин президенти расмий түрдө америкалык жарандыгынан баш тартты

 Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Сомалинин президенти көптөн бери америкалык жарандыгынан баш тартууну көздөп жүргөнүн жана акыры бул ишти аткарганын билдирди.

Белгилей кетсек, Мухаммад Абдулла Фармажо көп жылдар бою Америкада жашап жүрүп америкалык жарандыгын алган.

Анын мындай чечимине Америка президентинин рассисттик билдирүүсү себеп болгон.

Эске салсак, Дональд Трамп өзүнүн Твиттер баракачасында Америка Конгрессинин өкүлдөрү болгон 4 кара терилүү аялга карата рассисттик билдирүү жасап, алардын ата-тегинин өлкөлөрүнө (Африка) кайтуулары туура болот деген.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ