Пекин Американын Азияда өз ракеталарын жайгаштыруусу боюнча катуу эскертти

Бул тууралуу Fars News агенттиги РТ каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Вашингтондун өткөн аптада Орусия менен түзүлгөн орто аралыктагы ракеталарды өндүрүүгө тыюу салуу (INF) келишиминен чыгып кеткен соң, Американын Коргоо министрлиги жакын арада Азияда өзүнүн орто аралыктагы ракеталарын жайгаштырарын жарыялаган.

Ушуга себептүү Кытай ТИМнин курал-жарактарды көзөмөлдөө департаментинин башкы жетекчиси Фо Канг билдирүү жасап, эгер Америка жакын арада Азияда өзүнүн зениттик жакын радиустагы ракеталарын жайгаштыра турган болсо, сөзсүз түрдө буга карата чара көрүлөрүн эскерткен.

“Американын бул долбоору дүйнөлүк стартегиялык туруктуулук менен тең салмактуулукту бузуп, Азия менен деңиздик аймактардын коопсуздугу менен тынчтыгына залкасын тйигизет”,- деп билдирди Кытай ТИМи.

Эске салсак, мындан мурдараак Орусия менен айрым аскердик серепчилер Американын “Вашингтон–Москва курал-жарак келишиминен (INF)” чыгуусу эки өлкөнүн курал жаатында жарышуу коркунучун туудураарын белгилешкен.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ