Арабстан дүйнөдөгү курал-жарак импорттогон эң ири өлкө

Арабстандын 2018-жылдагы курал-жарактарга кеткен чыгымы 70 млрд. долларды түздү.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги Англиянын The Guardian гезитине шилтеме берип маалымдады.

Берилген маалыматтарга караштуу, Арабстан Йемендеги согушка 70 млрд. доллардык курал-жарак сатып алган жана бул көрсөткүч 2014-жылдагы өлкөнүн ички дүң өндүрүшүнүн  9%ы менен барабар болгон.   

Белгилей кетсек, Арабстан 2015-жылы Йеменге каршы баштаган согушунан бери дүйнөдөгү курал-жарак импорттогон ири өлкөлөрдүн катарына кирген.

Көрсөткүчтөр боюнча, 2014-2018-жылдарга чейин Арабстан Американын курал-жарактарынын 70%ын сатып алган.

Аталган гезит Батыштын жасап чыгарган куралдар көбүнчө жайкын тургундарга карата колдонулганын жазган.

Мисалы, Йемендеги студенттерди ташып бара жаткан автобуска карата колдонулган америкалык курал-жарактардан 40 бейкүнөө студент набыт кеткен.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ