Кызыл Крест: Йемендиктердин 80%ы гуманитардык жардамга муктаж

Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин жетекчиси Петер Маурер Йемен калкынын 80%ы гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирди.

Бул туурасында “Pars Today” агенттиги жазды. Маурер Йеменде таза суунун жоктугун белгилеп, бул өлкөдө 18 миллиондой адам таза суу менен камсыздалган эместигин билдирди. Анын айтыымнда, Йеменде дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетишсиз жана 20 миллион йемендик саламаттык сактоо кызматтарынан ажыратылган.

БУУнун башкы катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукок дагы жакында эле Йемен тарыхтагы эң начар гуманитардык кризиске туш болуп турганын билдирген. Сауд Аравия АКШнын, БАЭнин жана башка бир катар өлкөлөрдүн колдоосу менен 2015-жылдан баштап Йеменге каршы согуштук аракеттерди баштап, бул өлкөнү курчоого алган. Азыркы учурга чейин Йеменде он миңдеген адамдар каза таап, миллиондогон йемендиктер жер которушту.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ