Путин өзүнө мураскор издеп жатат

«Россия бүгүн» агенттигинин башкы катчысы Дмитрий Киселёв Орусиянын президенти өзүнө мураскор издеп жаткандыгын билдирди.

Бул тууралуу «Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Дмитрий Киселёв Москва мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн биринчи курсунун студенттеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнө мураскор издеп жатканын айтты.

“Владимир Путин эртеден кечке ушул маселе боюнча ойлонуп жатат. Ал киши  үчүн бийликти таштап кетүү жана мураскору тууралуу ойлобой коюу жоопкерчиликсиз болуп саналат. Мен ар бир жоопкерчиликтүү саясатчы бийликтин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат деп ойлойм”, — деди Киселёв.

“Презденттердин мураскор даярдоосу дүйнөлүк салт болуп саналат. Мисалы, айта кетсем, Франсуа Олланд Эммануэль Макронду колдогон. Барак Обама Хиллари Клинтонду колдоп чыккан”, — деп баса белгилеп, бирок, акыркы чечим дайыма элден көз каранды деп жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ