Сирияда ИШИМдин камактагы 100дөн ашуун согушкерлери качып кетти

АКШнын Сирия боюнча өкүлү Жеймс Жеффри Түрк армиясынын Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясы башталгандан бери бул аймактардагы ИШИМдин 100дөн ашуун согушкери абактардан качып кеткенин билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын аскердик операция башталгандан киийн Сириянын түндүк-чыгышындагы түрмөлөрдөн ИШИМ террордук уюмунун 500дөй мүчөсү качып кеткенин маалымдаган.

Түркия мындан эки апта мурун 9-октябрда Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы «Тынчтык булагы» аскердик операциясын баштаган. Анкара ал кошуундарды террордук уюм катары эсептейт.

Түрк бийлиги операциянын максаты — Түркиянын Сирия менен болгон чегарасындагы күрт кошуундарын сүрүп чыгаруу жана ИШИМ террордук уюмуна каршы күрөшүү экенин билдирди. Анкара ошондой эле Сириянын түндүк аймагында сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн коопсуздук зонасын түзүүнү пландаштырууда.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон менен Анкара Сириянын түндүгүндө ок атууну беш күнгө токтотууну макулдашышканын билдирген.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ