2019-жылы палестиналыктардын үйлөрүн талкалоо иштери 35% га жогорулады.

Палестина ТИМи БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координаторук кеңсесинин отчетуна таянып, билдирүү жасады.
IRNA агенттигинин VEFA маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык,
Палестина ТИМи сионисттик режимдин палестиналык тургундардын үй-жайларын талкалоо жынаяттарын айыптады.
Берилген отчеттордун негизинде 2019-жылы сионисттик режим басып алынган Кудс менен Иорданиянын Батыш жээктеринде палестиналыктардын 617 үй турагын талкалаган. Натыйжада 898 палестиналык мекендерин таштап чыккан.
Палестина ТИМи бул боюнча билдирүүсүндө палестиналыктардын үй-жайларын талкалоо жана аларды аймакты таштап чыгууларына мажбурлоо БУУнун Эл аралык кылмыш сотунун эрежелерге ылайык согуштук жынаят катары каралышы керектиги айтылган.
Белгилей кетсек, сионисттик режим 1968-жылы Иорданиянын Батыш жээктерин басып алуу менен андан бери өз шаарчаларын куруу максатында палестиналыктардын 60% үй турактарын талкалашкан.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ