Дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 350 миңден ашты

Дүйнө жүзүндөгү статистикалык эсептөөлөргө караганда, коронавирустан каза тапкандардын саны 350 миңден ашты.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, “AFP” агенттиги бүгүн, шаршемби күнгө карата дүйнө жүзү боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 350 миңден ашып кеткенин маалымдады.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 3 млн. 688 миң 840 адам вирус жуктуруп жана андан 352 миң 278 адам көз жумган. Ал эми илдеттен 2 млн. 430 миң адам айыгышкан.
Вирус жайылган өлкөлөрдүн арасында 1 млн.725 миң бейтап катталган. Америка Кошмо Штаттары биринчи орунда турат. Өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде илдеттен 774 адам каза тапкан. Ошондой эле, аталган эпидемиядан курман болгондордун саны боюнча дагы Америка алдыңкы орунда келе жатат.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ