Ирандын Жогорку лидеринин АКШдагы наарачылыктар боюнча жаңы билдирүүсү

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын көптөгөн штаттарында өтүп жаткан массалык демонстрациялар боюнча өзүнүн Твиттердеги баракчасынан жаңы билдирүү жасады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Хаменеинин Твиттердеги баракчасында англис тилинде мындай деп жазылган: “Бүгүнкү күндө Американын ар кайсы шаарларында болуп жаткан окуялар ар дайым жашырылып келген чындыктын натыйжасы. Бирок, азыркы учурда бул чындык ачыкка чыгып, АКШ өкмөтүнүн шылдың болушуна алып келди”.

Ирандын Жогорку лидери буга чейин афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө алып келген америкалык полиция кызматкеринин жүрүм-турумун АКШнын башка өлкөлөргө карата жасаган мамилеси менен салыштырган. Акыркы маалыматтарга караганда, АКШнын көптөгөн шаарларында демонстрациялар дагы деле уланып жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп массалык демонстрациялардын алдын алуу үчүн Нью-Йоркко коопсуздук күчтөрүн жөнөтүүгө чакырды. “Нью-Йорк көзөмөлдөн чыгып кетти. Билл де Блазио шаарынын мэри жана Эндрю Куомо штатынын губернатору демонстрацияларды тез арада токтотушу керек”, — деп белгилеген ал.

АКШнын ири шаарларында бир канча күндөн бери башаламандыктар орун алууда. Ага Миннеаполис шаарында  полиция кызматкеринин колуна түшкөн 46 жаштагы кара терилүү Жорж Флойддун өлүмү себепкер болду. Социалдык тармактарда тарап кеткен видеодон полиция кызматкери куралсыз Флойдду тизеси менен муунтуп турганын көрүүгө болот. Флойд дем ала албай жатканын бир нече жолу айткан.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ