Революциянын Жогорку лидери: «Дем алалы» деген ураан-дүйнөдөгү эзилген элдердин урааны/Имам Хомейни өзгөрүү талап кылган жана өзгөрүү жараткан жол башчы болгон

Аятолла Хаменеи Американын эли бүгүн өз өкмөттөрүнөн уялып жаткандыгын баса белгилеп, бүгүн өлкөдө же чет жакта жүрүп, АКШны колдоп, мактаган  ирандыктар эми баштарын көтөрө албай турушканын  белгиледи.

Fars News агенттигинин саясий кабарчысынын айтымында, Ислам Революциясынын Жогорку Жетекчиси 3-июнда түз эфирде Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейнинин (а.р.б) өлүмүнүн жылдыгына карата сөз сүйлөдү.
Аятолла Хаменеи сүйлөгөн сөзүндө «Өзгөрүү, жана өзгөртүү» деген темага басым жасап, Имам Хомейнинин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бирине токтолду.

“Революциянын жандуулугу үчүн,  биз Имамдын сөзүнөн жана иш аракетинен үлгү алып, бардык жерлерде: туруктуу же артта калган аймактарды өркүндөтүүгө ыкчам аракет кылышыбыз керек”,- деди Руханий лидер.
Азирети Аятолла Хаменеи Имамдын ынкылабдуу руху жөнүндө сөз кылып: Имам Хомейни пайгамбарлардын ыкмасы менен  адамдарда инсандык касиеттерди жана руханий инстинкттерди ойготкон. Анын бул сапаты ондогон жылдар мурун Кум семинариясында да өзүнүн революциялык адеп-ахлагы менен айкын болгон,- деди.

Ал Имам Хомейнини «Ыңкылабдын Имамы» атап, мындай деди: «Имам  бир убакта өз жеке турмушун гана ойлогон, бир калыптуу ирандыктарды эми  ыңкылабга, коомду өзгөртүүгө үгүттөп, максаттуу, коомчул, ыңкылабдуу  элге айлантты.
 

«Күрөш болгон мезгилден баштап, өзүнүн майдандык куттуу өмүрүнүн акырына чейин, Имам, уникалдуу командирдин ролунда, өзгөрүү жараянын жетектеп, деңиздей болгон Иран элин бороон-чапкындуу максаттарга жетишине жол ачты”,- деди Аятолла Хаменеи.

Ислам Революциясынын Жетекчиси Имамдын өзгөртүүчү рухун баяндап, Иран эли чет элдик күчтөргө жана атүгүл Пехлеви режиминин этегиндеги чиновниктерге каршы өзүнө ишенген, улуттук ар-намысына ээ болгон жана өлкөнүн тагдырына таасирдүү эл болушканын айтты.

«Ислам кыймылынын башталышында эл үчүн келечектин горизонту жок эле, бирок Имам бул көз карашты Ислам Үммөтүнүн түзүлүшүнө жана жаңы Ислам цивилизациясынын жаралышына өзгөрттү»,- деп кошумчалады саид Али Хаменеи.

Аятолла Хаменеи «жаштарга жана жаш муундун көз карашындагы түп-тамырынан бери өзгөрүүнү» Имам Хомейнинин ыңкылабынын терең натыйжасы деп атап, мындай деп кошумчалады: Жаштарга чоң иштерди тапшыруу жана аларды байлык жана улуттук резерв катары колдонуу имамдын ачык ыкмасы. Ошол эле учурда, улуулардын күчүнө да  ишенип, аларды ар кандай милдеттерге дайындаган. Ал Имам Хомейнинин революциялык көрүнүшүнүн башка маанилүү натыйжаларын түшүндүрүп жатып: «Эч ким Америкага каршы сүйлөгөнгө батынбай турганда, Имам дүйнөлүк державалардын көз карашын өзгөртүү жолу менен аларды басынтты»,- деди. Бул факт мурдагы Советтер Союзунун кулашы жана Америка Кошмо Штаттарынын учурдагы абалынан көрүнүп турат.

Ислам Революциясынын Улуу Жол башчысы: «Эң негизгиси, Имам  бул өнүгүүлөрдүн башкы себептерин Кудайдын каалоосу менен болгонун айткан»,- деп кошумчалады.
Ал жаштардын руханий жана доктриналык өзгөрүүсүнүн маанилүүлүгүнө болгон көзкарашы катары Имамдын “өзгөртүүчү” рухундагы дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп, өз сөзүн мындай деп кошумчалады: Имамдын ыңкылабдуу рухунан сабак алсак болот. Акыркы отуз жыл ичинде өлкө жана революция Имамдын ыңкылабдуу ыкмасынан алыстаган жок болсо дагы, мындан ары дагы бардык тармактарда  уланышы керек.
 

“Революциялардын өнгүүсү же артка кетүүсү адамдын эркине байланыштуу, анткени эгер адамдар туура багытта жүрбөсө, анда Кудай алардан бул ырыскыны алып коёт”. Андыктан жаман  абалга түшүп калуудан сак болушубуз керек.

Аятолла Хаменеи өзгөрүүнүн шартын «душмандан коркпогула» деп атап: «Ар кандай позитивдүү жана маанилүү иш-аракеттерге каршы чыккандар бар, мисалы, кибер мейкиндикте оппозициянын түрү көбүнчө курч жана тажатма болот же чет элдик душмандардын чоң фронту бар»,- деп кошумчалады.

Ал сахнада жаш күчтөрдүн бар экендигин тайманбастык деп эсептеп, мындай деди: «Жаш күчтөрдүн катышуусу жаштардын ойлорун, рухун, кайраттуулугун жана аракетин пайдалануу дегенди билдирет».


Сөзүнүн соңку бөлүгүндө Ислам Революциясынын Жетекчиси Ислам Республикасынын душмандарынын фронтундагы ийгиликсиздиктер Иран элинин Кудайга болгон ишениминин натыйжасы деп атап, мындай деди: Иран душмандарынын фронтунун бир бөлүгү болгон Советтер Союзу кулады, калган бөлүгү АКШ, анын учурдагы абалын баары көрүп турат.

Аятолла Хаменеи АКШдагы учурдагы абал  Вашингтон өкмөтүнүн чыныгы жүзүнүн көрүнүшү деп атады жана «полициянын кара кишинин мойнун басып, өлүм жазасына тартуусу жана башка бир нече полиция кызматкеринин буга карап туруусу адеп-ахлактан оолак нерсе»,- деди. АКШнын өкмөтүнүн мүнөзү буга чейин Афганистан, Ирак, Сирия жана Вьетнамдагыдай эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көрүнгөн»,- деп кошумчалады Руханий лидер.

Ал америкалыктардын бүгүнкү: «Биз дем ала албай жатабыз»,- деген ураанына мындай деди: «Албетте, Америка дүйнө жүзүндөгү жүрүм-туруму менен уят болушту. АКШнын администрациясындагы коррупциянын айынан Америка Кошмо Штаттарында америкалыктардын көбү коронавирустан өлүмгө жана ооруларга дуушар болду. Буга кошумча  элге карата ачыктан-ачык кылмыш жасагандар кечирим сурабастан, кийин адам укугун айткандарына эмне дейсиң. Ал эми бул жолу өлтүрүлгөн кара киши адам эмес жана эч кандай укукка ээ болбогондой сезилди.”

Америка элдеринин өз өкмөттөрү үчүн уялган сезимдерине токтолгон Аятолла Хаменеи: «Ушундай жагдайда, АКШнын жана анын иш аракеттерин колдогон  айрым ирандыктар, өлкөнүн ичинде же андан тышкаркы жерлерде баш көтөрө албай турушат»,- деп кошумчалады. .

Акырында, Ислам Революциясынын Жетекчиси Кудай дүйнөдөгү окуяларды Иран элинин пайдасына жана Ислам Республикасынын өсүп жаткан бийлигинин пайдасына өзгөртөөрүнө жана улуу Имам жана шейит болгон  Касем Солейманинин арбактарын  сүйүнтөөрүнө үмүттөнөөрүн билдирди.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ