Орусиянын БУУдагы өкүлү: АКШнын Иранга каршы курал санкцияларын узартууга мүмкүнчүлүгү жок

Василий Небензя АКШнын Иранга каршы курал санкцияларын узартууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык,  Орусиянын БУУдагы туруктуу  өкүлү АКШнын Коопсуздук Кеңешине Иранга каршы курал санкцияларын узартуу боюнча сунушу кабыл алынышы мүмкүн эмес экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Василий Небензия Спутник агенттигине берген маегинде АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга карата санкцияларын кеңейтүү жөнүндөгү резолюциясы «таптакыр туура эмес» деп билдирди.
«Бул резолюциянын келечеги жакшы эмес, анын такыр келечеги жок деп айтсам туура болот. Америкалыктар бул резолюциянын үстүнөн иштей баштагандан бери, биз аларга бул резолюциянын кабыл алынышына эч кандай мүмкүнчүлүк жок экендигин айтканбыз”,- деди Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү.

«Мындай резолюция кабыл алынса,  өзөктүк келишимге чекит коюлат»,- деди Орусиянын жогорку даражалуу дипломаты. Иран эч качан аны кабыл албайт жана аны кабыл албоого укугу бар экендиги түшүнүктүү», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, июнь айынын ортосунда АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Келли Крафт Иранга каршы курал санкцияларын узартууга чакырган резолюциянын долбоорун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө, анын ичинде Орусияга тараткандыгын жарыялаган.

Ал эми БУУнун Коопсуздук Кеңешинде резолюция кабыл алуу үчүн, анын кеминде 9 мүчөсү макул болушу керек жана ошол эле учурда Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн (АКШ, Орусия, Кытай, Британия жана Франция) ветосу болбошу керек.

Өткөн аптада, АКШнын Иранга каршы сунушталган резолюциясын карап чыгуу үчүн, бир нече Батыш дипломаттары Коопсуздук Кеңешинин виртуалдык отурумунун алдында ага колдоо көрсөтпөй тургандыгын айтышкан.

Опубликовано в 01

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ