2023-жылы Афганистанда маңзат өндүрүү 95%га кыскарды

Фермерлердин маңзат түшүмүн сатуудан алган кирешеси болжолдуу түрдө  $1 млрд 300 млн.дон $110 млн.го чейин түштү.

БУУнун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча  башкармалыгынын жаңы иликтөөлөрүндөгү  баяндамасына ылайык, Афганистанда маңзат өндүрүү талибдер тарабынан 2022-жылдын апрелинде маңзатка тыюу салуусу киргизилгенден кийин  болжолдуу түрдө 95%га кыскарган.

БУУнун өкүлдөрү эгер бул өлкөдө маңзат экономикасына дээрлик толугу менен тыюу салынса, келечекте узак жылдарга созулган кесепеттерге алып келерин эскертип, Афганистандын эли үчүн  мындан аркы жашоосун маңзатсыз улантууга айрыкча айылдык жамааттарга жардам көрсөтүү керектигин белгилешти.

Маңзат эгүү өлкөнүн баардык аймактарында кыскарган: 2023-жылы 233 000 гектардан 10 800 гектарга чейин. Бул кыскартуу маңзаттын түшүмүн 95%га азайткан: 2022-жылдагы 6200 тоннадан 2023-жылы 333 тоннага чейин.

Мындай кескин азайтуу маңзат сатуу менен жашап келишкен көптөгөн айыл жамааттары үчүн күтүлбөгөн гуманитардык кесепеттерге алып келген.  Фермерлердин түшүм сатуудан алган кирешеси 2023-жылы 2022-жылкы 1 млрд 360 млн АКШ долларынан 110 млн АКШ долларына чейин азайып кеткен.

«Бул маңзаттын мыйзамсыз рыногун  узак мөөнөттүү ооздуктоого жетишүү жана жергиликтүү, ошол эле учурда глобалдуу рынокто ийгиликке жетишүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк жаратат, – деди БУУнун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча  башкармалыгынын аткаруучу директору  Гада Вал.

– Ошол эле учурда акырында өзгөчө Афганистандын эли үчүн маанилүү болуп саналган пайдалуу жана туруктуу натыйжага жетишүүдө ооздуктоого тийиш болгон маанилүү кесепеттер менен тобокелчиликтер бар. Жакынкы айларда Афганистан фермерлердин маңзат сатуудан кол жууган  кирешесинин ордун толтуруу үчүн чоң суммадагы инвестицияга өтө муктаж болот,- деп айтылат БУУнун маалыматында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *