Түркия бир нече өлкөнүн лидерлерин Палестинаны колдоо митингине чакырды

Түркия ишемби күнү Стамбулда өтө турган Палестинаны колдоо митингине бир нече өлкөнүн лидерлерин чакырды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Sabah гезитине шилтеме берип жазды.

Басылманын маалыматына караганда, митингге чет мамлекеттердин башчылары, ошондой эле руханий лидерлер чакырылган. Мындан тышкары, Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд жана Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси, ошондой эле мамлекет башчыларынын деңгээлинде Ливия, Ливан жана Иордания чакырылган.

Бирок басылма алардын чакырууну кабыл алган-албаганын жазган эмес.

Маалыматта ошондой эле митингге массалык маалымат каражаттарынын, спорт, искусство, бизнес жана  палестиналык диаспоранын көптөгөн таасирдүү өкүлдөрү катышары айтылат.

Бир күн мурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган республиканын жарандарын палестиналыктарга тилектештик көрсөтүү үчүн митингге катышууга чакырган.

Эрдоган андан мурун Анкара палестиналык ХАМАС кыймылын террордук уюм эмес, «боштондук топ» деп эсептей турганын билдирген. ХАМАС кыймылы Түркиянын президентинин позициясын жогору бааласа, Израиль бийлиги анын сөздөрүн сынга алган.

Белгилей кетсек, Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Газа тилкесинде курман болгондордун саны, жергиликтүү саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 7 миңден ашты, 18 миңден ашууну жараат алды. Израилде, жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1400дөн ашуун адам каза тапты, анын ичинде 300 аскер кызматчысы бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *