Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
Бейформал жолугушуунун алкагында президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери “Павловск” коругуна, “Царское Село” жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.
