ЕБ Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө санкция киргизиши мүмкүн

Евробиримдик Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизүү маселесин карайт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл билдирди.

“Мен Евробиримдикке зордук-зомбулук көрсөткөн отурукташуучулардын жактоочуларына, анын ичинде Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизүү боюнча сунуш киргизүү ниетимди ырастайм”, – деп жазды ал Х социалдык медиада

Боррел Евробиримдик Израилдик отурукташуучулардын Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Жит айылындагы палестиналыктарга кол салышын айыптай турганын кошумчалады.

Би-Би-Си билдиргендей, оккупацияланган Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги кыштакка израилдик отурукташкандардын кол салуусунда кеминде бир палестиналык набыт болду.

Наблус шаарына жакын жердеги Жит кыштагында палестиналыктардын үйлөрүнө жана унааларына кээ бирлери беткап кийген бир нече ондогон израилдик отурукташуучулар таш жана молотов коктейлдерин ыргытышкан.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Израилдин Газадагы мектепке жасаган соккусунан 100гө жакын адам каза болгонун жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *