АКШ Монголиянын оор абалын түшүнөт жана аны колдоону улантат, бирок өлкө эл аралык милдеттенмелерин аткарышын күтөт, деп билдирди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын башчысы Мэттью Миллер 3-сентябрдагы брифингде.
«Мен жогоруда айткандай, биз Монголия кандай оор кырдаалда турганын жакшы түшүнөбүз. Бул эки коңшу өлкөнүн ортосунда жайгашкан бир топ кичинекей мамлекет. Биз Монголияны мындан ары да колдоого ниеттенебиз, бирок анын эл аралык милдеттенмелерин аткарышы маанилүү деп эсептейбиз жана алар Орусия менен байланышып, Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн колдой тургандыктарын ачык айтышса маанилүү”, – деп Миллер Монголиянын Путинди кармабаганына капа болгонбу деген суроого жооп берди.
Ал ошондой эле АКШ Владимир Путинге анын Украинага каршы агрессивдүү согушун илгерилетүү үчүн аянтчаны кайсы бир өлкө бериши керек деп эсептебей турганын белгиледи.
Биз Монголиядан алган милдеттенмелерин жана БУУнун Уставынын принциптерин, анын ичинде эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү колдоону жана бул принциптер бүткүл дүйнө жүзүндө сакталышы керек деп жарыялоосун күтөбүз. Биз алардын дүйнө жүзү боюнча мыйзам үстөмдүгүн колдоону улантуусу маанилүү деп эсептейбиз», – деди Мэттью Миллер.